# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-августундагы №547 " Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-августундагы №547 " Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 547
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57658>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11607/edition/326624/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57658.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-августундагы №547 " Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (10.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57658

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 1-августу №547

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 10-июнундагы № 285 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары

жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Социалдык жетимчиликтин, балдардын көзөмөлсүз калуусунун алдын

алуу, балдарды үй-бүлөлүк чөйрө менен камсыздоо жана ата-энесинен

кароосуз калган балдардын эсебин алуу механизмин түзүү, ошондой эле

камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү ишке ашыруу боюнча уюштуруу

маселелерин жана иш-аракеттерди жөнгө салуу максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары жөнүндө тиркелген жобо

бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо

министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу

иштери боюнча улуттук агенттиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү,

илим жана жаштар саясаты министрлиги менен бирдикте балалыкты коргоо

боюнча инспекторлорду даярдоо программасын иштеп чыгышсын.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык

ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдары ушул Жобону жетекчиликке алышсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү

башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
