Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 10 июня 2008 года № 285 "О создании отделов по поддержке семьи и детей и комиссий по делам детей в государственных администрациях районов и исполнительно-распорядительных органах местного самоуправления Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-06-10.
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 1-августу №547
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 10-июнундагы № 285 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары
жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Социалдык жетимчиликтин, балдардын көзөмөлсүз калуусунун алдын
алуу, балдарды үй-бүлөлүк чөйрө менен камсыздоо жана ата-энесинен
кароосуз калган балдардын эсебин алуу механизмин түзүү, ошондой эле
камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү ишке ашыруу боюнча уюштуруу
маселелерин жана иш-аракеттерди жөнгө салуу максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары жөнүндө тиркелген жобо
бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо
министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
иштери боюнча улуттук агенттиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү,
илим жана жаштар саясаты министрлиги менен бирдикте балалыкты коргоо
боюнча инспекторлорду даярдоо программасын иштеп чыгышсын.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык
ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары ушул Жобону жетекчиликке алышсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү
башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- " Кыргыз Республикасынын райондорунун мамлекеттик администрацияларында жана жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарында үй-бүлөнү жана балдарды колдоо…Постановление · 10.06.2008 · № 285 · Күчүн жоготкон
- Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1 - августундагы № 547 токтому менен бекитилген)Положение · 01.08.2006 · № 547 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- " Кыргыз Республикасынын райондорунун мамлекеттик администрацияларында жана жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарында үй-бүлөнү жана балдарды колдоо…Постановление · 10.06.2008 · № 285 · Күчүн жоготкон