# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-июлундагы №543 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-июлундагы №543 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 543
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57654>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11604/edition/326621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57654.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-июлундагы №543 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (28.07.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57654

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 28-июлу № 543

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин

чет өлкөлөрдөгү мекемелерине тиешелүү Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

жөнүндө

2006-жылдын 3-мартындагы N 95 "Кыргыз Республикасынын Россия Феде-

рациясындагы Элчилигинин объекттерин реставрациялоо жана куруу жөнүндө"

жана 2006-жылдын 30-майындагы N 301 "Кыргыз Республикасынын Пакистан

Ислам Республикасындагы Элчилигин уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Президентинин жарлыктарын аткаруу максатында Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет

өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы N 626 токтомуна төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 1-пункттагы "168", "2579,6" жана "1-27" деген сандар ти-

йиштүүлүгүнө жараша "175,5", "2631,8" жана "1-29" деген сандар менен

алмаштырылсын;

- N 16 жана 25 тиркемелер ушул токтомдун N 1 жана 2 тиркемелерине

ылайык редакцияда берилсин;

- ушул токтомдун N 3 жана 4 тиркемелерине ылайык редакцияда N 28

жана 29 тиркемелер менен толукталсын.

2. "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет

өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы N 626 токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы N 556 токтомуна төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттун төртүнчү жана бешинчи абзацтары алып салынсын;

- N 2 жана 3 тиркемелери күчүн жоготту деп табылсын.

3. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Башкы

консулдугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-де-

кабрындагы N 816 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет

өлкөлөрдөгү мекемелерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ай-

рым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 10-октябрындагы N 640 токто-

муна N 3 тиркеме;

- "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кытай Эл Рес-

публикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Үрүмчү шаарындагы

Визалык пункту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын

20-июлундагы N 545 токтомунун 2-пункту жана тиркемеси;

- "Корея Республикасынын Сеул шаарындагы Кыргыз Республикасынын

Консулдугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын

16-февралындагы N 87 токтомунун 2-пункту жана тиркемеси.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыр-

гыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте андан ары

"2006-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү даярдоо менен

2006-жылга Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигин жа-

на Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилигин

күтүүгө кошумча бюджеттик каражаттарды карасын.

5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кытай Эл Рес-

публикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Үрүмчү шаарындагы

Визалык пунктунун жана Корея Республикасынын Сеул шаарындагы Кыргыз

Республикасынын Консулдугунун штаттык бирдиктерин күтүүгө байланышкан

чыгымдар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2006-жылдагы

бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 28-июлундагы N 543

токтомуна N 1 тиркеме

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы

Элчилигинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын

ӨЛЧӨМҮ

(айына АКШ доллары менен)

| Кызмат орундардын аталышы | Бирдиктердин саны | Кызматтык маяна |
| --- | --- | --- |
| Элчи | 1 | 1800 |
| Кењешчи-кичи элчи | 1 | 1620 |
| Кењешчи | 5 | 1566 |
| Биринчи секретарь | 2 | 1386 |
| Экинчи секретарь | 1 | 1296 |
| Үчүнчү секретарь | 1 | 1206 |
| Атташе | 3 | 1116 |
| Башкы инженер | 1 | 1386 |
| Улук бухгалтер | 1 | 1296 |
| Бухгалтер | 1 | 900 |
| Улук референт | 1 | 1026 |
| Референт | 1 | 900 |
| Кењсе башчысы | 1 | 900 |
| Айдоочу | 7 | 599 |
| Кенже тейлөө кызматкерлер | 7,5 | 250 |
| Бардыгы | 34,5 |  |

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын

жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Ж.Жумагуловго өлкөлөрдү айкалыштырып иш-

тегендиги үчүн кызматтык маянасына 20 процент өлчөмүндөгү үстөк белги-

ленсин.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппарат

жетекчиси - министр Т.Коеналиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 28-июлундагы N 543

токтомуна N 2 тиркеме

Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы

Элчилигинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын

ӨЛЧӨМҮ

(айына АКШ доллары менен)

| Кызмат орундардын аталышы | Бирдиктердин саны | Кызматтык маяна |
| --- | --- | --- |
| Элчи | 1 | 1600 |
| Кењешчи | 1 | 1432 |
| Биринчи секретарь | 1 | 1272 |
| Атташе | 1 | 1032 |
| Бухгалтер-кењсе башчысы | 1 | 1112 |
| Чарба башчысы-айдоочу | 1 | 800 |
| Бардыгы | 6 |  |

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппарат

жетекчиси - министр Т.Коеналиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 28-июлундагы N 543

токтомуна N 3 тиркеме

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин

Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу

районунун Үрүмчү шаарындагы Визалык пунктунун

кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын

ӨЛЧӨМҮ

(айына АКШ доллары менен)

| Кызмат орундардын аталышы | Бирдиктердин саны | Кызматтык маяна |
| --- | --- | --- |
| Мекеменин жетекчиси | 1 | 1400 |
| Үчүнчү секретарь | 1 | 1112 |
| Улук референт | 1 | 952 |
| Бардыгы | 3 |  |

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппарат

жетекчиси - министр Т.Коеналиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 28-июлундагы N 543

токтомуна N 4 тиркеме

Корея Республикасынын Сеул шаарындагы

Кыргыз Республикасынын Консулдугунун

кызматкеринин кызматтык маянасынын

ӨЛЧӨМҮ

(айына АКШ доллары менен)

| Кызмат орундардын аталышы | Бирдиктердин саны | Кызматтык маяна |
| --- | --- | --- |
| Консул - мекеме башчысы | 1 | 1400 |
| Бардыгы | 1 |  |

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппарат

жетекчиси - министр Т.Коеналиев
