# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-июлундагы № 535 " Турак жай-коммуналдык кызматтарга жана энергия булактарына акы төлөөгө акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-июлундагы № 535 " Турак жай-коммуналдык кызматтарга жана энергия булактарына акы төлөөгө акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 535
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57646>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11598/edition/389746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57646.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-июлундагы № 535 " Турак жай-коммуналдык кызматтарга жана энергия булактарына акы төлөөгө акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтому (22.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57646

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы N 795 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 24-июлу N 535

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Турак жай-коммуналдык кызматтарга жана

энергия булактарына акы төлөөгө

акчалай компенсацияларды

төлөө жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 13-декабрындагы № 588 токтомунун

редакциясына ылайык)

Түз акчалай төлөөлөргө жењилдиктерди берүүгө этабы менен өтүүнүн

жүрүшүндө жарандардын айрым категорияларын даректүү социалдык жактан

колдоону камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген жењил-

диктердин жана нормалардын наркынын чектеринде жењилдиктерге укугу бар

жарандардын айрым категорияларына турак жай-коммуналдык кызматтарга жа-

на энергия булактарына акы төлөөгө ар айлык акчалай компенсациялардын

өлчөмү 2006-жылдын 1-июлунан тартып тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. Бишкек шаарында жашаган жарандарды кошпогондо, бул токтомдун

тиркемесинде көрсөтүлгөн жарандардын бардык категорияларына ай сайын

акчалай компенсация төлөө 2008-жылдын 1-январынан тартып милдеттүү түр-

дө жүргүзүлсүн.

Бишкек шаарында жашаган жарандарга акчалай компенсация төлөө алар-

дын каалоосу менен жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы №

588 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги республикалык бюд-

жеттин каражаттарынын эсебинен зарыл көлөмдө турак жай-коммуналдык кыз-

маттарга жана энергия булактарына акы төлөөгө ар айлык акчалай компен-

сацияларды өз учурунда каржылоону камсыздасын.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы №

588 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министр-

лиги Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги жана Кыргыз Республика-

сынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен бирдикте:

- турак жай-коммуналдык кызматтарга жана энергия булактарына акы

төлөөгө ар айлык акчалай компенсацияларды накталай каражаттар менен

төлөө тартибин бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин;

- бюджеттик каражаттардын максаттуу эмес пайдалануусуна жол бербөө

боюнча таасирдүү чараларды көрсүн;

- турак жай-коммуналдык кызматтарга жана энергия булактарына акы

төлөөгө тарифтердин өзгөрүшүн эске алуу менен акчалай компенсациялардын

өлчөмүн жыл сайын кайра карасын.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы №

588 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөттүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүно жүктөлсүн.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы №

588 токтомунун редакциясына ылайык)

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 24-июлундагы

№ 535 токтомуна

тиркеме

2006-жылы турак жай-коммуналдык кызматтарга

жана энергия булактарына акы

төлөөгө ар айлык акчалай

компенсациялардын

өлчөмү

| N | Жењилдиктерге укугу бар | Акчалай компенсациянын бир айлык |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |
|  | жарандардын категориялары | өлчөмү (сом менен), жашоо |  |  |  |
|  |  | шарттарына (жылытуу түрүнө) |  |  |  |
|  |  | жараша |  |  |  |
|  |  | Ыњгайлаш | Электр | Көмүр | Жара- |
|  |  | тырылган | менен | менен | тылыш |
|  |  | квартира | жылыты- | жылыты- | газы |
|  |  |  | луучу | луучу | менен |
|  |  |  | менчик | менчик | жылыты- |
|  |  |  | үй | үй | луучу |
|  |  |  |  |  | менчик |
|  |  |  |  |  | үй |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
| 1 | 100 процент жењилдик (чогуу |  |  |  |  |
|  | жашаган эмгекке жарамсыз үй-бүлө |  |  |  |  |
|  | мүчөлөрү менен): |  |  |  |  |
|  | - Улуу Ата-мекендик согуштун |  |  |  |  |
|  | майыптары; |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  | - Улуу Ата-мекендик согуштун |  |  |  |  |
|  | катышуучулары; |  |  |  |  |
|  | - башка мамлекеттердин аймагындагы |  |  |  |  |
|  | согуштук аракеттердин майыптары; | 510 | 415 | 460 | 670 |
|  | - "Ленинградды коргогондугу үчүн" |  |  |  |  |
|  | медалы жана "Курчоодогу |  |  |  |  |
|  | Ленинграддын тургуну" белгиси |  |  |  |  |
|  | менен сыйланган адамдар; |  |  |  |  |
|  | - концлагерлердин мурдагы жашы |  |  |  |  |
|  | жете элек туткундары; |  |  |  |  |
|  | - майып болуп саналган ооруктун |  |  |  |  |
|  | эмгекчилери |  |  |  |  |
| 2 | 50 процент жењилдик (чогуу жашаган |  |  |  |  |
|  | эмгекке жарамсыз үй-бүлө мүчөлөрү |  |  |  |  |
|  | менен): | 290 | 210 | 235 | 340 |
|  | - башка мамлекеттердин аймагындагы |  |  |  |  |
|  | согуштук аракеттердин |  |  |  |  |
|  | катышуучулары |  |  |  |  |
| 3 | 50 процент жењилдик (баардык чогуу |  |  |  |  |
|  | жашаган үй-бүлө мүчөлөрү менен): |  |  |  |  |
|  | - 1988-1989-жылдардагы |  |  |  |  |
|  | катышуучуларды кошпогондо |  |  |  |  |
|  | Чернобыль АЭСиндеги авариянын |  |  |  |  |
|  | кесепетинен жабыр тарткан |  |  |  |  |
|  | адамдар; |  |  |  |  |
|  | - 20 календарлык жана андан ашык |  |  |  |  |
|  | иштеген жылдары бар, курагы, |  |  |  |  |
|  | ден-соолугунун абалы, штаттын |  |  |  |  |
|  | кыскарышы же үй-бүлөлүк жана |  |  |  |  |
|  | башка орчундуу жагдайлар боюнча |  |  |  |  |
|  | запаска же отставкага чыгарылган | 315 | 180 | 205 | 310 |
|  | офицердик курамдын адамдары; |  |  |  |  |
|  | - курагы, иштеген жылдары же |  |  |  |  |
|  | оорусу боюнча кызматтан |  |  |  |  |
|  | бошотулган ички иштер |  |  |  |  |
|  | органдарынын кызматкерлери; |  |  |  |  |
|  | - жазык-аткаруу системасынын |  |  |  |  |
|  | кызматкерлери; |  |  |  |  |
|  | - курагы, иштеген жылдары же |  |  |  |  |
|  | оорусу боюнча кызматтан |  |  |  |  |
|  | бошотулган жазык-аткаруу |  |  |  |  |
|  | системасынын кызматкерлери; |  |  |  |  |
|  | - курман болгон (дайынсыз |  |  |  |  |
|  | жоголгон) аскер кызматчылардын |  |  |  |  |
|  | үй-бүлөлөрү; |  |  |  |  |
|  | - ички иштер органдарынын курман |  |  |  |  |
|  | болгон кызматкерлеринин |  |  |  |  |
|  | үй-бүлөлөрү |  |  |  |  |
| 4 | 50 процент жењилдик (бир жењилдик |  |  |  |  |
|  | алуучуга): |  |  |  |  |
|  | - Кыргыз Республикасынын алдында | 190 | 170 | 195 | 300 |
|  | өзгөчө эмгек сињиргендиги үчүн |  |  |  |  |
|  | пенсия алуучу адамдар; |  |  |  |  |
|  | - Кыргыз Республикасынын |  |  |  |  |
|  | мамлекеттик сыйлыктары менен |  |  |  |  |
|  | сыйланган адамдар; |  |  |  |  |
|  | - кийин реабилитацияланган эмгек |  |  |  |  |
|  | армиячылары; |  |  |  |  |
|  | - көрүү жана угуу жагынан |  |  |  |  |
|  | майыптар; |  |  |  |  |
|  | - реабилитацияланган жана |  |  |  |  |
|  | репрессиядан жабыр тарткан |  |  |  |  |
|  | жарандар; |  |  |  |  |
|  | - Улуу Ата-мекендик согуштун каза |  |  |  |  |
|  | болгон майыптарынын жесирлери |  |  |  |  |
|  | (жесилдери); |  |  |  |  |
|  | - Улуу Ата-мекендик согуштун каза |  |  |  |  |
|  | болгон катышуучуларынын майып |  |  |  |  |
|  | деп табылган жесирлери |  |  |  |  |
|  | (жесилдери); |  |  |  |  |
|  | - "Ленинградды коргогондугу үчүн" |  |  |  |  |
|  | медалы жана "Курчоодогу |  |  |  |  |
|  | Ленинграддын тургуну" белгиси |  |  |  |  |
|  | менен сыйланган адамдардын |  |  |  |  |
|  | жесирлери (жесилдери) |  |  |  |  |

Премьер-министрдин

Аппарат жетекчиси - министр Т.Коеналиев
