Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 21-июлундагы № 531
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, финансы полициясы
органдарынын, атайын байланыш кызматынын, кылмыш-жазык аткаруу
системасынын, бањги заттарды контролдоо боюнча органдардын катардагы
жана башкаруучу курамдын адамдарына, алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген
жылдарын эсептөөнун, пенсиялар менен пособиелерди дайындоонун жана
төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 токтому
менен бекитилген Аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын,
финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, кылмыш-
жазык аткаруу системасынын, бањги заттарды контролдоо боюнча
органдардын катардагы жана башкаруучу курамдын адамдарына, алардын үй-
бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсиялар менен пособиелерди
дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү
киргизилсин:
- 7-пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын.
2. "Бажы органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-
бүлөлөрүнө кызмат өтөгөн жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие
чектөөнүн жана төлөөнун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 1-июнундагы № 313 токтому
менен бекитилген Бажы органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-
бүлөлөрүнө кызмат өтөгөн жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие
чектөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүү
киргизилсин:
- 6-пункттун экинчи суйлөмү алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз
Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө
кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги,
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы (макулдашуу боюнча),
Кыргыз Республикасынын Финансы прлициясы кызматы (макулдашуу боюнча),
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы (макулдашуу боюнча),
Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы (макулдашуу боюнча), Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы, Кыргыз
Республикасынын Банги заттарга контролдук кылуу боюнча мамлекеттик
агенттик (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Транспорт жана
коммуникациялар министрлигинин "Атайын байланыш" мамлекеттик ишканасы
инфляцияны эсепке албастан, пенсиялардын өлчөмдөрүн 2005-жылдын 13-
июлунан тартып кайра эсептөө жүргүзүшсүн жана аларды жањы өлчөмдөрдө
төлөөнү камсыз кылышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги
"Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыздоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алышкан пенсионерлерге "Кыргыз
Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу жањы
өлчөмдөрдө пенсияларды төлөөгө Кыргыз Республикасынын Социалдык
фондуна кошумча ассигнование бөлсүн.
5. "Бажы органдарынын кызматкерлеринин жана алардын үй-
бүлөлөрүнүн иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсияларды жана пособиелерди
дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2000-жылдын 1-июнундагы № 313 токтому менен бекитилген
Жобого өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2002-жылдын 10-октябрындагы № 696 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премъер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү
башкармалыгына жана коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын катарындагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун…Положение · 13.01.1995 · № 12
- Положение о порядке исчисления выслуги лет, назначения и выплаты пенсий и пособий сотрудникам таможенных органов и их семьям ( Утверждено постановлением Правительства Кыргызской…Положение · 01.06.2000 · № 313
- Постановление Правительства КР от 10 октября 2002 года №696 "О внесении изменения в Положение о порядке исчисления выслуги лет, назначения и выплаты пенсий и пособии coтрудникам…Постановление · 10.10.2002 · № 696 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Постановление Правительства КР от 1 июня 2000 года № 313 "Об утверждении Положения о порядке исчисления выслуги лет, назначения и выплаты пенсий и пособий сотрудникам таможенных…Постановление · 01.06.2000 · № 313
- КР Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы N 12 "Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу…Постановление · 13.01.1995 · № 12
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194
- Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 04.04.2006 · № 82
- Постановление Правительства КР от 10 октября 2002 года №696 "О внесении изменения в Положение о порядке исчисления выслуги лет, назначения и выплаты пенсий и пособии coтрудникам…Постановление · 10.10.2002 · № 696 · Күчүн жоготкон