Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жана визалык контроль департаменти жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 29 февраля 2016 года № 91 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-02-29.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-февралындагы N 91 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 14-июлундагы № 514
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин
Паспорттук жана визалык контроль департаменти жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 24-сентябрындагы № 431 токтомунун
редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
Бул Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук
жана визалык контроль департаменти жөнүндө жобо "Кыргыз Республикасынын
ички иштер органдары жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Ички миграция
жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жа-
на визалык контроль департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Рес-
публикасынын Ички иштер министрлигинин юридикалык жактын статусуна ээ
ведомствого караштуу подразделениеси болуп саналат.
2. Департамент паспорттук жана визалык контроль чөйрөсүндө мамле-
кеттик башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин
ыйгарым укуктарын камсыз кылат.
3. Департаменттин структурасын жана штаттык санын Кыргыз Республи-
касынын ички иштер министри бекитет.
4. Департаменттин структурасына бөлүмдөр, бөлүмчөлөр жана топтор,
ошондой эле паспорттук жана визалык контролдун аймактык подразделение-
лери кирет.
5. Департаментке кабыл алуу, кызмат өтөө жана аттестацияланган ку-
рамды кызматтан бошотуу "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын
катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобону бекитүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы N
530 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ИИБдеринин катарда-
гы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобого ылайык ишке ашы-
рылат.
Адамдарды Департаменттин эркин жалдануучу кызмат орундарына кабыл
алуу жана бошотуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык
жүргүзүлөт.
6. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка норма-
тивдик укуктук актыларын, эл аралык келишимдерин жана ушул Жобону же-
текчиликке алат.
7. Департаменттин ишмердүүлүгү адамдын жана жарандын укуктарын жа-
на эркиндиктерин урматтоо, кызматтык ишмердүүлүктүн маселелерин чечүүдө
бир башчылыкты пландоонун, айкалыштыруунун негизинде мыйзамдуулук жана
гумандуулук жана аларды талкуулоодо коллегиялуулук, ар бир кызматкердин
жана кызматчынын өз милдеттерин жана өзүнчө тапшырмаларды аткаруулары
үчүн жекече жоопкерчилик принциптерине ылайык ишке ашырылат.
8. Департамент өз компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасы-
нын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдын-
ча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, жалпыга маалымдоо каражатта-
ры, эл аралык уюмдар, чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен өз
ара аракетин камсыз кылат.
9. Департаменттин ишине контролдук Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дык жана башка нормативдик укуктук актылары менен аныкталган тартипте
ишке ашырылат.
II. Департаменттин негизги милдеттери
10. Паспорттук жана визалык контроль чөйрөсүндөгү мамлекеттик сая-
саттын негизги багыттары боюнча сунуштарды даярдоо жана аларды ишке
ашыруу.
11. Мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана бөгөт коюу, чет өлкөлүк
жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата иммиграциялык контролду
уюштуруу боюнча чараларды берилген ыйгарым укугунун чектеринде иштеп
чыгуу жана ишке ашыруу.
12. Эл аралык кызматташтыкты ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын
Ички иштер министрлигинин таламдарын камсыз кылууга өз компетенциясынын
чегинде катышуу.
13. Департаментке түздөн түз баш ийген паспорттук жана визалык
контролдун аймактык подразделениелерине жетекчилик кылуу.
14. Паспорттук жана визалык контролдун аймактык подразделениелери-
нин иштерине уюштуруу-методикалык жетекчилик кылуу.
15. Ички жана тышкы миграция процесстерин жөнгө салуу боюнча чара-
ларды өз компетенциясынын чегинде иштеп чыгуу жана колдонуу.
16. Паспорттук жана визалык маселелер боюнча Кыргыз Республикасы-
нын Мыйзамдарын ички иштер органдарынын аткаруусун уюштуруу.
17. Паспорттук режимди камсыз кылуу жана сактоо боюнча ишчараларды
жүргүзүү, ошондой эле укук бузуучуларга чараларды көрүү.
III. Департаменттин негизги функциялары
18. Департаменттин ишмердүүлүгүнүн багыттары боюнча Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдык жана башка нормативдик укуктук актыларынын долбоор-
лорун иштеп чыгат.
19. Паспорттук жана визалык мыйзамдарды өнүктүрүү боюнча Кыргыз
Республикасынын Ички иштер министрлигинин подразделениелеринин иштерин
координациялайт.
20. Мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чара-
ларды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин структуралык
подразделениелери жана Кыргыз Республикасынын башка министрликтери жана
ведомстволору менен бирдикте уюштурат жана ишке ашырат.
21. Мамлекеттик паспорттук жана визалык саясатты ишке ашырууда ал
тарабынан ишке ашырылуучу ыйгарым укуктарынын алкагында аткаруу бийлиги
органдарынын катышуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды
белгиленген тартипте даярдайт.
22. Паспортторду даярдоо жана персонификациялоо, ошондой эле алар-
ды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынан документтерди кабыл
алууну жана тариздөөнү ишке ашырат.
23. Жарандарды жашаган жери жана келген жери боюнча белгиленген
тартипте каттоону уюштурат.
24. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк жаран-
дарды каттоону жүргүзөт жана алардын визаларын белгиленген тартипте
узартат.
25. Республиканын аймагында жүргөн жарандыгы жок адамдарга катта-
лууга көмөк көрсөтөт.
26. Жашоого укук алууга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок
адамдардын документтерин тариздөөнү жүргүзөт.
27. Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу масе-
лелери боюнча документтерди кабыл алууну жана тариздөөнү жүргүзөт.
28. Республиканын чегинен сыртта убактылуу жана туруктуу жашоого
жарандардын кетүү документтерин тариздейт.
29. Жеке чакыруулар боюнча чет өлкөлүк жарандарга чакырууларды та-
риздейт.
30. Чет өлкөлүк жарандар жасаган жана чет өлкөлүк жарандарга кара-
та кылмыштарды ачууга катышат.
31. Алимент төлөбөгөндөрдү жана мамлекеттик карызкорлорду издөөнү
уюштурат жана ишке ашырат.
32. Соттуулугу бар адамдарды, эркиндигинен ажыратылган жерлерден
бошогондон кийин эсепке алууну жүргүзөт.
33. Чегара зонасына өткөрмөлөрдү жана уруксаттарды берүүнү белги-
ленген тартипте тариздейт.
34. Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк жарандардын жана
жарандыгы жок адамдардын келишинин мыйзамдуулугун контролдоону жана
текшерүүнү жүргүзөт.
35. Кыргыз Республикасынын жашоо, болуу жана каттоого туруу тарти-
бин белгилөөчү нормативдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын
кызмат адамдары жана жарандары сакташына контроль жүргүзөт.
36. Паспорттук жана визалык контроль маселелери боюнча Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарын колдонуу практикасын жалпылайт жана талдоого
алат.
37. Өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын паспорттук
жана визалык контроль маселелерди жөнгө салуучу мыйзамдарын Кыргыз Рес-
публикасынын аткаруу бийлигинин органдары сактоолоруна талдоо жүргүзөт.
38. Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз
Республикасынын Ички иштер министрлигинин структуралык подразделениеле-
ринин өз ара аракетин уюштурат, ишмердүүлүктүн ушул багыты боюнча алар-
дын өз ара аракеттенүү системасын өркүндөтүүгө карата сунуштарды иштеп
чыгат жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчили-
гине белгиленген тартипте берет.
39. Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча коомдук
уюмдар, чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен өз ара аракет-
тенүүдө чаралардын комплексин кабыл алат.
40. Паспорттук жана визалык контролдун проблемаларын чагылдырууда
жалпыга маалымдоо каражаттары менен белгиленген тартипте өз ара аракет-
тенет.
41. Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк
жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын чегинен
сыртка чыгаруу (депортациялоо) боюнча ишчараларды башка укук коргоо ор-
гандары менен бирдикте ишке ашырат.
42. Өз ыйгарым укуктарынын алкагында юридикалык жана жеке адамдар-
дын бирдиктүү маалыматтар банкын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык жүргүзөт жана калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзөт.
43. Департаменттин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча Кыр-
гыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин долбоорлорун белгиленген
тартипте иштеп чыгат.
Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Рес-
публикасынын мамлекеттер аралык келишимдерин иштеп чыгууга катышат.
44. Методикалык материалдарды жана рекомендацияларды иштеп чыгат,
паспорттук жана визалык контроль боюнча аймактык подразделениелерге,
уюмдарга жана жарандарга Департаменттин ишмердүүлүгүнүн багыттары боюн-
ча консультациялык жана башка жардамдарды көрсөтөт.
45. Паспорттук жана визалык контролдун аймактык подразделениелерин
инспекциялоого жана текшерүүгө катышат, натыйжаларын жалпылайт жана
алардын ишмердүүлүктөрүн өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Ички
иштер министрлигинин жетекчилигине сунуш киргизет.
46. Департаменттин подразделениелеринин ишинде тартипти жана мый-
замдуулукту чыњдоо боюнча, ошондой эле кызматкерлерди тандоо, окутуу,
жайгаштыруу, тарбиялоо, укуктук жана социалдык жактан коргоо менен кам-
сыздоо жана аларды кесиптик жактан даярдоо боюнча иштерди жүргүзөт.
47. Белгиленген тартипте кењешмелерди, жыйындарды, семинарларды
өткөрөт, Департаменттин компетенциясына киргизилген маселелер боюнча эл
аралык иш-чараларга катышат.
48. Жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт,
алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
мөөнөттөрдө зарыл болгон чараларды көрөт, Департаменттин компетенциясы-
на кирген маселелер боюнча жарандарды кабыл алууну жүргүзөт, ошондой
эле паспорттук жана визалык маселелер боюнча калктын жана юридикалык
жактардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
49. Департаменттин компетенциясына киргизилген маселелер боюнча
маалыматтарды мониторингдөөнү жана берүүнү камсыз кылуучу маалыматтарды
иштетүүнүн бирдиктүү автоматташтырылган системасын Кыргыз Республикасы-
нын Ички иштер министрлигинин подразделениелери менен бирдикте иштеп
чыгат жана ишке киргизет.
50. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаментке
жүктөлгөн башка функцияларды ишке ашырат.
IV. Департаменттин ишмердүүлүгүн уюштуруу жана камсыз кылуу
51. Департаментти кызматка Кыргыз Республикасынын ички иштер ми-
нистринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайын-
доочу жана бошотуучу начальник башкарат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы №
431 токтомунун редакциясына ылайык)
52. Департаменттин начальнигинин Кыргыз Республикасынын ички иштер
министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу бир
орун басары болот, ал начальник жокто анын милдеттерин аткарат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы №
431 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Департаменттин начальниги:
53.1. Ага баш ийген подразделениелердин ишин, аларга жүктөлгөн
милдеттердин аткарылышын, Департаменттин компетенциясына киргизилген
маселелер боюнча башкаруучулук чечимдердин долбоорлорун даярдоону, Де-
партаменттин ишмердүүлүгүндө мыйзамдуулуктун жана тартиптин сакталышын,
кадрларды тандоону, жайгаштырууну, окутууну жана тарбиялоону уюштурат.
53.2. Паспорттук жана визалык контроль боюнча Департаменттин, ай-
мактык подразделениелердин иштеринин абалына жана майнаптуулугуна,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жана башка нормативдик
укуктук актылары менен ага жүктөлгөн башка милдеттердин жана ыйгарым
укуктардын аткарылышына жооп берет.
53.3. Департаментгин келечектүү өнүгүшүнүн негизги багыттарын иш-
теп чыгууну, анын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин баш-
ка структуралык подразделениелери, ошондой эле Департаменттин компетен-
циясына киргизилген маселелер боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен
өз ара аракетин камсыз кылат.
53.4. Департаменттин жана анын подразделениелеринин иш пландарын
бекитет.
53.5. Департаменттин ишмердүүлүгүн уюштурууга тиешелүү приказдарды
жана буйруктарды чыгарат.
53.6. Департаменттин жана түздөн түз баш ийген подразделениелердин
структурасы жана штаттык расписаниеси боюнча сунуштарды даярдайт жана
Кыргыз Республикасынын ички иштер министрине киргизет.
53.7. Белгиленген тартипте Департаменттин кызматкерлерин сыйлайт
жана дисциплинардык жаза колдонот.
53.8. Департаменттин кызматкерлерин мамлекеттик жана ведомстволук
сыйлыктарга көрсөтүү жөнүндө белгиленген тартипте сунуш киргизет.
53.9.Департаменттин кызматкерлерин белгиленген номенклатурага ыла-
йык кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
53.10. Ишеним кат боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер минист-
рлигинин атынан жарандык-укуктук келишимдерди түзөт жана жалпы юрисдик-
циядагы соттордо жана арбитраждык соттордо анын таламын коргойт.
53.11. Паспорттук жана визалык контролдун аймактык подразделение-
леринин ишин материалдык-техникалык жактан камсыздоону уюштурат.
53.12. Паспорттук жана визалык контролдун аймактык подразделение-
леринин ишмердиктерине текшерүүлөрдү белгиленген тартипте уюштурат.
53.13. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка нормативдик
актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
54. Департаментте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин
сүрөттөлүшү түшүрүлгөн мөөрү, штамптары, өзүнүн аталышы бар бланктары
болот.
55. Департаменттин алдында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык паспортторду мыйзамдуу берүү үчүн жарандуулукту аныктоого карата
талаш-тартыштарды чечүү боюнча комиссия түзүлүшү мүмкүн.
56. Департаментти материалдык-техникалык, финансылык жана башка
камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка норматив-
дик укуктук актыларында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги-
нин нормативдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
57. Департаментте жашырындык режимин камсыз кылуу боюнча иш кагаз-
дар жана иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бел-
гилеген тартипте жүргүзүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 9
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жана визалык контроль департаменти жөнүндө жобону…Постановление · 24.09.2007 · № 431 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-февралындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 29.02.2016 · № 91
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-июлундагы №514 " Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жана визалык контроль департаменти жөнүндө жобону…Постановление · 14.07.2006 · № 514 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 18 июля 1994 года N 530 "Об Утверждении Положения о прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов внутренних дел Кыргызской…Постановление · 18.07.1994 · № 530 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жана визалык контроль департаменти жөнүндө жобону…Постановление · 24.09.2007 · № 431 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (9)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Ички жер которуу жөнүндөЗакон · 30.07.2002 · № 133
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы №703 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 29.09.2006 · № 703 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- ПОЛОЖЕНИЕ о прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов внутренние дел Кыргызской Республики (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 18…Положение · 18.07.1994 · № 530 · Күчүн жоготкон
- О гражданстве Кыргызской РеспубликиЗакон · 18.12.1993 · № 1333-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-октябрындагы № 565 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.10.2008 · № 565 · Күчүн жоготкон