# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-июлундагы № 524 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана башкаруучу курамынын адамдарынын акчалай үлүшү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 13-июлундагы № 389 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-июлундагы № 524 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана башкаруучу курамынын адамдарынын акчалай үлүшү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 13-июлундагы № 389 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 524
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.07.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57634>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11588/edition/326597/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57634.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-июлундагы № 524 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана башкаруучу курамынын адамдарынын акчалай үлүшү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 13-июлундагы № 389 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралу" токтому (19.07.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57634

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 19-июлундагы № 524

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын

катардагы жана башкаруучу курамынын адамдарынын

акчалай үлүшү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын

13-июлундагы № 389 токтомуна өзгөртүү

киргизүү тууралу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат.

1. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана

башкаруучу курамынын адамдарынын акчалай үлүшү жөнүндө жобону бекитүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 13-июлундагы №

389 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органда-

рынын катардагы жана башкаруучу курамынын адамдарынын акчалай үлүшү

жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

7-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратына иштөөгө жиберилген ички иштер органдары-

нын кызматкерлери үчүн ар бир айлык компенсациялык төлөмдөр (азык-түлүк

паегунун ордуна акчалай компенсация, пенсиясынын 50 проценти өлчөмүндө

кошумча төлөө, буюм мүлкүнүн ордуна акчалай компенсация, коммуналдык

кызмат көрсөтүүлөр жана энергия булактары үчүн акчалай компенсация)

сакталат. Көрсөтүлгөн төлөмдөр кызматкерлерди иштөөгө жиберген ички иш-

тер органдары тарабынан жүргүзүлөт.".

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жого-

руда көрсөтүлгөн төлөмдөрдү каржылоого Кыргыз Республикасынын Ички иш-

тер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ти-

ешелүүү кошумча ассигнованиелерди карасын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо-

юнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
