Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана башкаруучу курамынын адамдарынын акчалай үлүшү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 13-июлундагы № 389 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 19-июлундагы № 524
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын
катардагы жана башкаруучу курамынын адамдарынын
акчалай үлүшү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын
13-июлундагы № 389 токтомуна өзгөртүү
киргизүү тууралу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат.
1. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана
башкаруучу курамынын адамдарынын акчалай үлүшү жөнүндө жобону бекитүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 13-июлундагы №
389 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органда-
рынын катардагы жана башкаруучу курамынын адамдарынын акчалай үлүшү
жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
7-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратына иштөөгө жиберилген ички иштер органдары-
нын кызматкерлери үчүн ар бир айлык компенсациялык төлөмдөр (азык-түлүк
паегунун ордуна акчалай компенсация, пенсиясынын 50 проценти өлчөмүндө
кошумча төлөө, буюм мүлкүнүн ордуна акчалай компенсация, коммуналдык
кызмат көрсөтүүлөр жана энергия булактары үчүн акчалай компенсация)
сакталат. Көрсөтүлгөн төлөмдөр кызматкерлерди иштөөгө жиберген ички иш-
тер органдары тарабынан жүргүзүлөт.".
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жого-
руда көрсөтүлгөн төлөмдөрдү каржылоого Кыргыз Республикасынын Ички иш-
тер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ти-
ешелүүү кошумча ассигнованиелерди карасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо-
юнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Положение о денежном довольствии лиц рядового и начальствующего состава органов внутренних дел Кыргызской Республики (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской…Положение · 13.07.1999 · № 389 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Постановление Правительства КР от 13 июля 1999 года № 389 "Об утверждении Положения о денежном довольствии лиц рядового и начальствующего состава органов внутренних дел…Постановление · 13.07.1999 · № 389 · Күчүн жоготкон