# Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кылмыш-жазык-аткаруу системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кылмыш-жазык-аткаруу системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 523
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57633>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11587/edition/410982/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57633.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кылмыш-жазык-аткаруу системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому (18.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57633

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2004-жылдын 19-июлу N 523

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин

кылмыш-жазык-аткаруу системасын реформалоо боюнча

чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын мам-

лекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" 2006-жылдын 26-майындагы N 288 Жарлы-

гына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги 18 бирдик санындагы

кылмыш-жазык-аткаруу системасынын кызматкерлеринин штаттык санын тие-

шелүү эмгекке акы төлөө фонду менен Кыргыз Республикасынын Юстиция ми-

нистрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынан Кыргыз Республика-

сынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратына өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги

"2006-жылга республикалык бюджет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-

мынын Кыргыз Республикасынын кылмыш-жазык-аткаруу системасынын кызмат-

керлерин күтүүгө байланыштуу чыгымдарды каржылоо бөлүгүнө тиешелүү

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппара-

тына өткөрүлүп берилүүчү Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын кыз-

маткерлерине кылмыш-жазык-аткаруу системасынын кызматкерлери үчүн Кыр-

гыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык жењилдиктер, ошондой

эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укуктук негизди жөнгө салуучу нор-

мативдик укуктук актыларынын аракети жана Кыргыз Республикасынын кыл-

мыш-жазык-аткаруу системасынын иш-аракеттери колдонула тургандыгы бел-

гиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги кылмыш-жазык-аткаруу

системасын реформалоону башкаруу жана өздүк коопсуздук кызматы жөнүндө

жобону бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин.

5. "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы N

612 токтомунун 2-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- "72" деген цифра "90" деген цифрага алмаштырылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо-

юнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
