# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июлундагы №512 " Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ташмойнок айыл өкмөтүнүн жерлеринен ден соолук чыңдоо-даарылоо борборун куруу үчүн жер участкасын берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июлундагы №512 " Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ташмойнок айыл өкмөтүнүн жерлеринен ден соолук чыңдоо-даарылоо борборун куруу үчүн жер участкасын берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 512
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.07.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57622>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11576/edition/326579/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57622.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.07.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июлундагы №512 " Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ташмойнок айыл өкмөтүнүн жерлеринен ден соолук чыңдоо-даарылоо борборун куруу үчүн жер участкасын берүү жөнүндө" токтому (13.07.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57622

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 13-июлу № 512

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы

Ташмойнок айыл өкмөтүнүн жерлеринен ден соолук чыњдоо-даарылоо

борборун куруу үчүн жер участкасын берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 90 жана 92-статьяларына ыла-

йык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-

сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык

комиссия менен макулдашылган, ден соолук чыњдоо-дарылоо борборун куруу

үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ташмой-

нок айыл өкмөтүнүн суу фондунун жерлерине таандык жайыттарынан

"Аламүдүн" капчыгайындагы аянты 1,18 га жер участкасын 49 жылдык мөөнөт

менен убактылуу пайдаланууга А.Кененбаевага берүү жөнүндө сунушу кабыл

алынсын.

2. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:

- берилген участкага А.Кененбаева тарабынан экологиялык экспертаза

жүргүзүүнү жана "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес керектөөлөр

үчүн алып коюуга байланыштуу айын чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ор-

дун толтуруунун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы N 66 токтому

менен белгиленген нормативдерге ылайык айын чарба өндүрүшүнүн жоготуу-

ларынын ордун толтуруунун наркынын жана алынбай калган пайданын ордун

төлөшүн камсыздасын;

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-

син.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иш-

тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
