# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июлундагы № 511 "Кыргыз Республикасынын ички рыногун цемент жана шифер менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июлундагы № 511 "Кыргыз Республикасынын ички рыногун цемент жана шифер менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 511
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.06.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57621>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11575/edition/326577/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57621.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.06.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июлундагы № 511 "Кыргыз Республикасынын ички рыногун цемент жана шифер менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому (09.06.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57621

---

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 9-июнундагы №223

токтому менен бекитилген)

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 13-июлу № 511

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын ички рыногун цемент жана шифер

менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө

Республиканын ички рыногун цемент жана шифер менен камсыздоо боюн-

ча мамлекеттик саясатты жүргүзүү, курулуш индустриясынын ата мекендик

өндүрүүчүлөрүн колдоо, бюджеттик каражаттарды үнөмдөө, калкты цемент

продукциясы менен камсыз кылуу, контрабанданы четтетүү, ошондой эле

Мамлекеттик турак жай курулуш программасын үзгүлтүккө учуратпоо макса-

тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кант цемент шифер комбинаты", "МВМ Кант заводу", "Күрмөнтүце-

мент" ачык акционердик коомдору өз продукциясынын экспортуна бир жылдык

мөөнөткө эксклюзивдүү укук беришсин. Цемент менен шиферди экспорттоо

темир жол транспорту менен гана жүргүзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-

пекциясы чарбакер субъекттер тарабынан цемент менен шиферди адистешти-

рилген жана жүк ташуучу автотранспорт менен экспорттоого жол бербесин.

3. Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаш-

тыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги төмөнкүлөрдү белгилесин:

- Кыргыз Республикасынын цемент продукциясын өндүрүүчүлөрү үчүн

цемент менен шиферге колдонуудагы рыноктук орточо баалардан төмөн бол-

богон экспорттук бааны;

- "Кант цемент шифер комбинаты" ачык акционердик коомунун муници-

палдык соода ишканалары жана Комбинаттын соода точкалары тарабынан са-

тылуучу продукциясына соода баасынын эњ жогорку дењгээлин.

4. "Кант цемент шифер комбинаты" ачык акционердик коому тарабынан

милдеттүү тейленүүгө тийиш болгон керектөөчүлөрдүн (абоненттердин) тиз-

месин жана алардын цементке жана шиферге керектөөлөрүн аныктоо боюнча

комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

5. "Кант цемент шифер комбинаты" ачык акционердик коомунун

төмөнкүлөргө даярдыгы жөнүндө сунушу көњүлгө алынсын:

- субъекттердин өндүрүштүк программаларында каралган көлөмдөрдө

цемент жана шифер берүүлөрдү камсыздоо аркылуу керектөөчүлөрдүн

түзүлгөн тизмесине ылайык керектөөчүлөр менен келишим түзүүгө;

- республиканын бардык региондорунда комбинаттын соода точкаларын

түзүүгө;

- Кыргыз Республикасынын түштүк облустарын ошол регионго ташууну

эске алуу менен өндүрүүчү-заводдун баасынан ашпаган баа боюнча цемент

жана шифер менен камсыздоого.

6. Облустардын мамлекеттик администрациялары жана Бишкек менен Ош

шаарларынын мэриялары "Кант цемент шифер комбинаты" ачык акционердик

коому менен бирдикте комбинаттын соода точкаларын уюштуруу боюнча

иш-чараларды иштеп чыгышсын, ошондой эле цемент менен шиферди сатуу бо-

юнча муниципалдык уюмдардын ишин контролго алышсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына

жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 13-июлундагы № 5

токтомуна тиркеме

"Кант цемент шифер комбинаты" ачык акционердик коому тарабынан

милдеттүү тейленүүгө тийиш болгон керектөөчүлөрдүн

(абоненттердин) тизмесин жана алардын цементке жана

шиферге керектөөлөрүн аныктоо

боюнча комиссиянын курамы

Жунушалиев Т.Ш. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана ту-

ризм министринин орун басары, комиссиянын төра-

гасы;

Ирсалиев Р.М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депута-

ты (макулдашуу боюнча);

Исмаилов М.А. - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы

министринин орун басары;

Рысалиев И.З. - Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат

жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук

агенттигинин директору (макулдашуу боюнча);

Кадырбеков И.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архи-

тектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агент-

тиктин директору;

Молдобаев А.М. - Кыргызстандын Курулушчулар союзунун төрагасы

(макулдашуу боюнча);

Исабеков А.А. - "Кант цемент шифер комбинаты" ААКынын башкы ди-

ректору (макулдашуу боюнча).

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппарат

жетекчиси - министр Т.Коеналиев
