# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июлундагы №508 «Кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн» («за благотворительную деятельность») Кыргыз Республикасынын медалын уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берүү тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июлундагы №508 «Кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн» («за благотворительную деятельность») Кыргыз Республикасынын медалын уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берүү тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 508
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57618>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11572/edition/1290667/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57618.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июлундагы №508 «Кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн» («за благотворительную деятельность») Кыргыз Республикасынын медалын уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берүү тууралуу"токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57618

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары,Өкмөт Үйү 2006-жылдын 12-июлу №508

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

«Кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн» («за благотворительную деятельность») Кыргыз Республикасынын медалын уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты А.А.Сабиров

тарабынан демилге кылынган "Кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн" ("За благотворительную деятельность") Кыргыз Республикасынын медалын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.

Премьер-министр Ф.Кулов.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине

"Кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн" ("За благотворительную деятельность") Кыргыз Республикасынын медалын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5 - пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты А.Сабиров тарабынан демилге кылынган "Кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн" ("За благотворительную деятельность") Кыргыз Республикасынын медалын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, аны кабыл алууга төмөнкүдөй сын - пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен макулдук берет. Сунуш кылынган Мыйзам долбоорунда "Кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн" ("За благотворительную деятельность") Кыргыз Республикасынын медалын уюштуруу жана аны менен кайрымдуулук иштерине зор салым кошкон жарандарды сыйлоо болжолдонот. Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бир катар мамлекеттик сыйлыктар уюштурулгандыгын, алардын арасына "Дањк" жана "Эне дањкы" медалдары кире тургандыгын белгилей кетүү керек. Мында Кыргыз Республикасынын Президентинин "Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" 1996-жылдын 10-июлундагы № 234 Указы менен бекитилген "Дањк" медалы жөнүндө жобого ылайык көрсөтүлгөн медаль менен кайрымдуулук иштеринде олуттуу жетишкендиктер үчүн жарандар да сыйланат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Указы менен бекитилген "Эне дањкы" медалы жөнүндө жобого ылайык ушул медаль менен кайрымдуулук фонддорунда активдүү иштеген аялдар да сыйланат, Ошол эле мезгилде "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен Кыргыз Республикасынын алдында сињирген эмгектери үчүн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар да сыйланышы мүмкүн.

Премьер-министр

Ф.Кулов
