# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июлундагы № 505 "Жалалабат техникалык институтун жоюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июлундагы № 505 "Жалалабат техникалык институтун жоюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 505
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.07.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57615>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11569/edition/326569/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57615.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июлундагы № 505 "Жалалабат техникалык институтун жоюу жөнүндө" токтому (12.07.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57615

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 12-июлу № 505

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Жалалабат техникалык институтун жоюу жөнүндө

Жалалабат техникалык институтунда лицензиялык нормативдердин та-

лаптарынын сакталбагандыгына жана окуу процессин толук ишке ашыруу үчүн

зарыл материалдык-техникалык, окуу-методикалык жана маалыматтык базасы-

нын жоктугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты

министрлиги белгиленген тартипте:

- Жалалабат техникалык институтун жойсун;

- 2006-2007-окуу жылынын башына чейин студенттерди башка жогорку

окуу жайларга которуу жана профессордук-окутуучулук курамды иш менен

камсыздоо маселесин чечсин.

2. "Жалалабат техникалык институтун түзүү жөнүндө" Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 23-ноябрындагы № 572 токтому күчүн жо-

готту деп табылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-

кармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
