# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июлундагы №504 " Медициналык жабдуулар, запастык бөлүктөр жана медициналык жабдууларга сарптоо материалдары менен камсыз кылууда саламаттык сактоо мекемелерин колдоо боюнча убактылуу чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июлундагы №504 " Медициналык жабдуулар, запастык бөлүктөр жана медициналык жабдууларга сарптоо материалдары менен камсыз кылууда саламаттык сактоо мекемелерин колдоо боюнча убактылуу чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 504
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.07.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57614>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11568/edition/326568/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57614.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июлундагы №504 " Медициналык жабдуулар, запастык бөлүктөр жана медициналык жабдууларга сарптоо материалдары менен камсыз кылууда саламаттык сактоо мекемелерин колдоо боюнча убактылуу чаралар жөнүндө" токтому (12.07.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57614

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 12-июлу № 504

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Медициналык жабдуулар, запастык бөлүктөр жана медициналык

жабдууларга сарптоо материалдары менен камсыз кылууда

саламаттык сактоо мекемелерин колдоо боюнча

убактылуу чаралар

жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 11-статьясынын негизинде

республиканын экономикалык таламдарын коргоо жана азыркы учурдагы меди-

циналык жабдууларды колдонуу менен Кыргыз Республикасынын калкына меди-

циналык жардамдын сапатын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылануучу

саламаттык сактоо уюмдары үчүн медициналык жабдууларды, запастык

бөлүктөрдү жана медициналык жабдууларга сарптоо материалдарын импортто-

одо кошумча наркка салыктын нөлдүк ставкасы белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-

пекциясы ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасына алып

келинүүчү медициналык жабдууларды, запастык бөлүктөрдү жана медициналык

жабдууларга сарптоо материалдарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекит-

кен медициналык жабдуулардын, запастык бөлүктөрдүн жана медициналык

жабдууларынын тизмеси боюнча бажылык тариздөө жүргүзсүн.

3. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана

2006-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине ушул токтомдун 1-пунк-

туна ылайык медициналык жабдууларды, запастык бөлүктөрдү жана медицина-

лык жабдууларга сарптоо материалдарын алып келүүдө кошумча наркка са-

лыктын ставкасынын өзгөргөндүгү жөнүндө билдирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-

кармалыгына, финансы башкармалыгына, Кыргыз Республикасынын Экономика

жана финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сак-

тоо министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
