Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Медициналык жабдуулар, запастык бөлүктөр жана медициналык жабдууларга сарптоо материалдары менен камсыз кылууда саламаттык сактоо мекемелерин колдоо боюнча убактылуу чаралар жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 12-июлу № 504
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Медициналык жабдуулар, запастык бөлүктөр жана медициналык
жабдууларга сарптоо материалдары менен камсыз кылууда
саламаттык сактоо мекемелерин колдоо боюнча
убактылуу чаралар
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 11-статьясынын негизинде
республиканын экономикалык таламдарын коргоо жана азыркы учурдагы меди-
циналык жабдууларды колдонуу менен Кыргыз Республикасынын калкына меди-
циналык жардамдын сапатын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылануучу
саламаттык сактоо уюмдары үчүн медициналык жабдууларды, запастык
бөлүктөрдү жана медициналык жабдууларга сарптоо материалдарын импортто-
одо кошумча наркка салыктын нөлдүк ставкасы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-
пекциясы ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасына алып
келинүүчү медициналык жабдууларды, запастык бөлүктөрдү жана медициналык
жабдууларга сарптоо материалдарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекит-
кен медициналык жабдуулардын, запастык бөлүктөрдүн жана медициналык
жабдууларынын тизмеси боюнча бажылык тариздөө жүргүзсүн.
3. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана
2006-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине ушул токтомдун 1-пунк-
туна ылайык медициналык жабдууларды, запастык бөлүктөрдү жана медицина-
лык жабдууларга сарптоо материалдарын алып келүүдө кошумча наркка са-
лыктын ставкасынын өзгөргөндүгү жөнүндө билдирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-
кармалыгына, финансы башкармалыгына, Кыргыз Республикасынын Экономика
жана финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сак-
тоо министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон