# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-июлундагы № 501 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы № 280 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарттары жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-июлундагы № 501 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы № 280 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарттары жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 501
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57608>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11565/edition/326562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57608.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-июлундагы № 501 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы № 280 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарттары жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (08.07.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57608

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 8-июлундагы № 501

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы

№ 280 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттик

каржылоонун минималдуу стандарттары жөнүндө» токтомуна

толуктоолорду киргизүү тууралуу

Айылдагы саламаттык сактоого финансылык колдоо көрсөтүүнү камсыз

кылуу жана айыл жергесинде жана чакан шаарларда медициналык кадрларды

калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы №

280 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттик каржылоонун

минималдуу стандарттары жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз

Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттик каржылоонун минималдуу

стандарттарын аныктоо методикасына № 15 гиркеменин 1-пунктуна

төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

«Жалалабат облусу» бөлүмү төмөнкүдөй позициялар менен толукталсын:

«Токгогул шаарчасы 1,4

Казарман шаарчасы 1,4

Кербен шаары 1,3

Шамалдуусай шаарчасы 1,3»;

«Ош облусу» бөлүмү төмөнкүдөй позиция менен толукталсын:

«Ноокат шаары 1,1»;

«Чүй облусу» бөлүмү төмөнкүдөй позициялар менен толукталсын:

«Кайыњды шаарчасы 1,1

Кемин шаарчасы 1,1»;

«Баткен облусу» бөлүмү төмөнкүдөй позиция менен толукталсын:

«Исфана шаары 1,2».

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- саламаттык сактоо уюмдарынын бюджетин түзүү боюнча методикалык

колдонмону айылдык коэффициентти жана чакан шаарлар коэффициентин

колдонуу менен иштеп чыксын жана 2006-жылдын 1-августуна чейин

бекитсин.

- айылдык коэффициент жана чакан шаарлар коэффициенти боюнча 2006-

2010-жылдарда телөөлөрдү «Саламаттык сактоого жана социалдык жактан

коргоого кењири сектордук ыкма (SWАр)» грантынын каражаттарынын

эсебинен жүргүзсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнуктүрүү

башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
