Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы № 280 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарттары жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 8-июлундагы № 501
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы
№ 280 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттик
каржылоонун минималдуу стандарттары жөнүндө» токтомуна
толуктоолорду киргизүү тууралуу
Айылдагы саламаттык сактоого финансылык колдоо көрсөтүүнү камсыз
кылуу жана айыл жергесинде жана чакан шаарларда медициналык кадрларды
калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы №
280 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттик каржылоонун
минималдуу стандарттары жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз
Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттик каржылоонун минималдуу
стандарттарын аныктоо методикасына № 15 гиркеменин 1-пунктуна
төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
«Жалалабат облусу» бөлүмү төмөнкүдөй позициялар менен толукталсын:
«Токгогул шаарчасы 1,4
Казарман шаарчасы 1,4
Кербен шаары 1,3
Шамалдуусай шаарчасы 1,3»;
«Ош облусу» бөлүмү төмөнкүдөй позиция менен толукталсын:
«Ноокат шаары 1,1»;
«Чүй облусу» бөлүмү төмөнкүдөй позициялар менен толукталсын:
«Кайыњды шаарчасы 1,1
Кемин шаарчасы 1,1»;
«Баткен облусу» бөлүмү төмөнкүдөй позиция менен толукталсын:
«Исфана шаары 1,2».
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- саламаттык сактоо уюмдарынын бюджетин түзүү боюнча методикалык
колдонмону айылдык коэффициентти жана чакан шаарлар коэффициентин
колдонуу менен иштеп чыксын жана 2006-жылдын 1-августуна чейин
бекитсин.
- айылдык коэффициент жана чакан шаарлар коэффициенти боюнча 2006-
2010-жылдарда телөөлөрдү «Саламаттык сактоого жана социалдык жактан
коргоого кењири сектордук ыкма (SWАр)» грантынын каражаттарынын
эсебинен жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнуктүрүү
башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Методика определения минимальных стандартов бюджетного финансирования здравоохранения Кыргызской Республики (утверждена постановлением Правительства КР от 1 июля 2005 года № 280)Методика · 01.07.2005 · № 280 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы № 280 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2005 · № 280 · Күчүн жоготкон