Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Реепубликасынын Өкмөтүнүн өзгөчө чечимине чейин резервге коюлган курорттук-рекреациялык чарбанын объекттерин жана акционердик коомдордун акцияларынын мамлекеттик пакеттерин сатуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-октябрындагы № 690 токтомуна өзгөртуү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-мартындагы №139 токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 7-июлундагы № 499
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Кыргыз Реепубликасынын Өкмөтүнүн өзгөчө чечимине чейин
резервге коюлган курорттук-рекреациялык чарбанын объекттерин
жана акционердик коомдордун акцияларынын мамлекеттик
пакеттерин сатуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2002-жылдын 8-октябрындагы № 690 токтомуна өзгөртуү киргизүү
тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын
18-мартындагы №139 токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана
Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти өзгөртүп түзүү боюнча
реформаларды жүргүзүүнү тездетүү максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөчө чечимине чейин резервге
коюлган курорттук-рекреациялык чарбанын объекттерин жана акционердик
коомдордун акцияларынын мамлекеттик пакеттерин сатуу жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-октябрындагы № 690 токтомуна
өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-
жылдын 18-мартындагы №139 токтому күчун жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик сатып адуулар жана материалдык резервдер боюнча
мамлекеттик комиссиянын Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна
берилген 41,95% өлчөмүндөгү «Кара-Суу Дан-Азык» акционердик коомунун
акцияларынын мамлекеттик пакетин оперативдүү башкаруудан белгиленген
тартипте кабыл алсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына
жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Постановление Правительства КР от 18 марта 2003 года №139 " О внесении изменения в постановление Правительства Кыргызской Республики от 8 октября 2002 года № 690 «О реализации…Постановление · 18.03.2003 · № 139 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 8 октября 2002 года №690 "О реализации объектов курортно-рекреационного хозяйства и государственных пакетов акций акционерных обществ…Постановление · 08.10.2002 · № 690
- Постановление Правительства КР от 18 марта 2003 года №139 " О внесении изменения в постановление Правительства Кыргызской Республики от 8 октября 2002 года № 690 «О реализации…Постановление · 18.03.2003 · № 139 · Күчүн жоготкон