# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-июлунун №498 "2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИД эпидемиясынын жана анын социалдык-экономикалык залалдарынын алдын алуу боюнча мамлекеттик программа жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-июлунун №498 "2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИД эпидемиясынын жана анын социалдык-экономикалык залалдарынын алдын алуу боюнча мамлекеттик программа жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 498
- Кабыл алынган күнү: 06.07.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57605>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11562/edition/409778/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57605.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-июлунун №498 "2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИД эпидемиясынын жана анын социалдык-экономикалык залалдарынын алдын алуу боюнча мамлекеттик программа жөнүндө" токтому (29.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57605

---

КР Өкмөтүнүн

2012-жылдын 29-декабрындагы № 867 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 6-июлу № 498

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында

ВИЧ/СПИД эпидемиясынын жана анын социалдык-экономикалык

залалдарынын алдын алуу боюнча мамлекеттик

программа жөнүндө

ВИЧ/СПИДдин таралышын чектөө боюнча комплекстүү көп сектордуу ма-

милени өркүндөтүү жана иш-чараларды институтташтыруу аркылуу Кыргыз

Республикасында ВИЧ/СПИД эпидемиясынын таралышынын жана анын социал-

дык-экономикалык залалдарынын алдын алуу максатында Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИД эпидемиясы-

нын жана анын социалдык-экономикалык залалдарынын алдын алуу боюнча

тиркелген мамлекеттик программа бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор, мамлекеттик облустук администрациялар, Бишкек жана Ош шаарлары-

нын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктары, аткаруу бийлигинин башка

органдары:

- 2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИД эпидемиясынын

жана анын социалдык-экономикалык залалдарынын алдын алуу боюнча мамле-

кеттик программаны аткарууга алышсын;

- бир айлык мөөнөттө Мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруу боюнча

иш-аракеттердин көп сектордуу жана интеграцияланган матрицаларын иштеп

чыгышсын жана ВИЧ/СПИДке, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү бо-

юнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өлкөлүк көп сектордуу

координациялык комитеттин секретариатына бекитүү үчүн беришсин;

- жарым жылдын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик программанын аткарылы-

шынын жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппа-

ратына маалымат беришсин.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министр Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкарма-

лыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
