# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 492
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57599>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11558/edition/1229109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57599.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтому (15.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57599

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы № 14 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2006-жылдын 4-июлу N 492 Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы N 87, 2018-жылдын 3-мартындагы № 122, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 24 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын "Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын "Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2023-жылдын 1-январынан тартып илимий, педагогикалык кызматкерлерге, профессордук-окутуучулук курамга, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлерине негизги иштеген жери боюнча эмгек акысына ар айлык үстөктөр төмөнкүдөй белгиленсин:

- илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн - 2700 сом өлчөмүндө;

- илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы үчүн - 1350 сом өлчөмүндө.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Көрсөтүлгөн төлөмдөр бюджеттен каржылануучу мекемелердин кызматкерлерине тиешелүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен, чарбалык эсептеги уюмдарда - өздүк каражаттарынын эсебинен төлөнөт.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-мартындагы N 161 "Илимий, илимий-педагогикалык кызматкерлердин жана профессордук-окутуучулук курамдын илимий даражасы үчүн эмгек акыларына үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ф.Кулов
