# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 488 "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын аскер бөлүктөрүнүн күжүрмөн туусунун сүрөттөлүштөрүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 488 "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын аскер бөлүктөрүнүн күжүрмөн туусунун сүрөттөлүштөрүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 488
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57595>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11554/edition/326550/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57595.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 488 "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын аскер бөлүктөрүнүн күжүрмөн туусунун сүрөттөлүштөрүн бекитүү жөнүндө" токтому (04.07.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57595

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 4-июлундагы № 488

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын аскер бөлүктөрүнүн

күжүрмөн туусунун сүрөттөлүштөрүн бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын Исхак Раззаков атындагы

Лейлек чегара отрядынын Күжүрмөн Туусунун сүрөттөлүшү;

- Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын Жети баатыр атындагы

Айдаркен чегара отрядынын Күжүрмөн Туусунун сүрөттөлүшү;

- Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын Тайлак-Баатыр атындагы

Нарын чегара отрядынын Күжүрмөн Туусунун сүрөттөлүшү.

2. Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы аскер бөлүктөрүнүн

күжүрмөн тууларын жасоого байланыштуу чыгымдарды 2006-жылга бөлүнгөн

каражаттардын чектеринде төлөсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери

боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 4-июлундагы № 488

токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын Исхак Раззаков

атындагы Лейлек чегара отрядынын Күжүрмөн

Туусунун сүрөттөлүшү

1. Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын Исхак Раззаков

атындагы Лейлек чегара отрядынын Күжүрмөн Туусу эки беттүү тик бурчтуу

формадагы кездеме түрүндө болот. үч тарабынын четтери алтын түстөгү

жибек чачык менен тигилген кызыл түстөгү эки катталган жибек

кездемеден жасалган. Кездеме энинин узундугу - 1500 мм, туурасы – 1100

мм.

2.Кездеменин оњ жагынын жогорку жагына «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ» деген

жазуу жазылган. Борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

жайгашкан. Төмөн жагында:

«ЧЕГАРА КЫЗМАТЫНЫН

ИСХАК РАЗЗАКОВ АТЫНДАГЫ

ЛЕЙЛЕК ЧЕГАРА ОТРЯДЫ»

деген жазуу бар.

Гербдин өлчөмү диаметринде \_\_\_\_\_\_мм.

3. Кездеменин арткы бетинин жогорку жагына «КЫРГЫЗСКАЯ

РЕСПУБЛИКА» деген жазуу жазылган. Борборунда Чегара кызматында кызмат

өтөөнү символдоштурган жана эркиндикти билдирүүчү жашыл түстөгү

тегеректи элестетүүчү Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын

символикасынын сүрөттөлүшү жайгашкан. Символика белгисинин өлчөмү

диаметринде \_\_\_ мм. Символнканын төмөн жагында:

«ЛЯЙЛЯКСКИЙ ПОГРАНИЧНЫЙ ОТРЯД

ИМЕНИ ИСХАКА РАЗЗАКОВА

ПОГРАНИЧНОЙ СЛУЖБЫ»

деген жазуу бар.

Туунун таягы жыгачтан, кочкул күрөњ түстө, диаметри 40 мм жана

узундугу 2500 мм.

Туунун учу дат баспоочу болоттон жасалган, анын борборуна беш

бурчтуу жылдыздуу жарым айдын сүрөтү түщүрүлгөн. Учтун узундугу 250

мм.

Туунун боосу учтарында эки чачысы бар алтын түстөгү эшилген жибек

жиптен даярдалат. Чачылуу боонун узундугу 2800 мм.

4. Символика жашыл түстегү калканды элестетет. Геральдика боюнча

жашыл түс эркиндикти билдирет жана чегара кызматынын символу болуп

эсептелет. Жогору жагында:

«КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

ЧЕГАРАКЫЗМАТЫ»

деген жазуусу бар.

Ортосунда төмөнкүлөр жайгашкан:

-Кыргыз Республикасынын картасынын сүрөттөлүшү. Ортосунда

сүрөттөлүшү «Кыргыз Республикасынын чегара белгилери жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-июнундагы № 419 токтому менен

бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасын элестеткен

чегара белгиси жайгашкан. Ал сары жана кызыл түстө, сары түстүн

фонунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүреттөлүшү

жайгашкан.

Чегара белгисинин алдына Ак Шумкардын сүрөттөлушү - Манас атанын Ак

Шумкары, - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин элементи

жайгашкан.

Ак Шумкардын сүрөттөлүшүнүн төмөн жагына:

- беш бурчтуу кызыл жылдыз - адамзаттын байыркы белгилеринин бири

жайгаштырылган, ал коргоо, коопсуздук символун билдирет жана аскер

белгиси катары пайдаланылат. Кызыл түс - укук, күч, эрдик, сүйүү,

кайраттуулуктун түсү;

- лавр бутактары - жењиш, көз карандысыздыктын жана тынчтыктын

символу.

Лавр бутактарында Манастын 7 осуятын символдоштуруучу жетиден

жалбырактары бар.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 4 –июлундагы№ 488

токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасыныы Чегара кызматынын Жети баатыр

атындагы Айдаркен чегара отрядынын Күжүрмөн

Туусунун сүрөттөлүшү

1. Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын Жети баатыр

атындагы Айдаркен чегара отрядынын Күжүрмөн Туусу эки беттүү тик

бурчтуу формадагы кездеме түрүндө болот. үч тарабынын четтери алтын

түстөгү жибек чачык менен тигилген кызыл түстөгү эки катталган жибек

кездемеден жасалган. Кездеме энинин узундугу - 1500 мм, туурасы -

1100 мм.

2.Кездеменин оњ жагынын жогорку жагына «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ» деген

жазуу жазылган. Борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

жайгашкан. Төмөн жагында:

«ЧЕГАРА КЫЗМАТЫНЫН

ЖЕТИ БААТЫР АТЫНДАГЫ АЙДАРКЕН

ЧЕГАРА ОТРЯДЫ»

деген жазуу бар.

Гербдин өлчөмү диаметринде \_\_\_\_\_\_\_мм.

3. Кездеменин арткы бетинин жогорку жагына

«КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА» деген жазуу жазылган. Борборунда Чегара

кызматында кызмат өтеөнү символдоштурган жана эркнндикти билдирүүчү

жашыл түстөгү тегеректи элестетүүчү Кыргыз Республикасынын Чегара

кызматынын символикасынын сүрөттөлүшү жайгашкан. Символика белгисинин

өлчөмү диаметринде\_\_\_\_ мм. Символиканын төмөн жагында:

«АЙДАРКЕНСКИЙ ПОГРАНИЧНЫЙ ОТРЯД

ИМЕНИ ЖЕТИ БААТЫРА

ПОГРАНИЧНОЙ СЛУЖБЫ»

деген жазуу бар.

Туунун таягы жыгачтан, кочкул күрөњ түстө, диаметри 40 мм жана

узундугу 2500 мм.

Туунун учу дат баспоочу болоттон жасалган, анын борборуна беш

бурчтуу жылдыздуу жарым айдын сүрөтү түшүрүлгөн. Учтун узундугу 250

мм.

Туунун боосу учтарында эки чачысы бар алтын түстөгү эшилген жибек

жиптен даярдалат. Чачылуу боонун узундугу 2800 мм.

4. Символика жашыл түстөгү калканды элестетет. Геральдика боюнча

жашыл түс эркиндикти билдирет жана чегара кызматынын символу болуп

эсептелет. Жогору жагында:

«КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

ЧЕГАРА КЫЗМАТЫ»

деген жазуусу бар.

Ортосунда төмөнкүлөр жайгашкан:

-Кыргыз Республикасынын картасынын сүрөттөлүшү. Ортосунда

сүрөттөлүшү «Кыргыз Республикасынын чегара белгилери жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-июнундагы № 419 токтому менен

бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасын элестеткен

чегара белгиси жайгашкан. Ал сары жана кызыл тустө, сары түстүн

фонунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү

жайгашкан.

Чегара белгисинин алдына Ак Шумкардын сүреттөлүшү - Манас атанын Ак

Шумкары, - Кыргыз Республнкасынын Мамлекеттнк гербинин элементи

жайгашкан.

Ак Шумкардын сүрөттөлүшүнүн төмөн жагына:

- беш бурчтуу кызыл жылдыз - адамзаттын байыркы белгилеринин бири

жайгаштырылган, ал коргоо, коопсуздук символун билдирет жана аскер

белгиси катары пайдаланылат. Кызыл түс - укук, күч, эрдик, суйүү,

кайраттуулуктун түсү;

- лавр бутактары - жењиш, көз карандысыздыктын жана тынчтыктын

символу.

Лавр бутактарында Манастын 7 осуятын символдоштуруучу жетиден

жалбырактары бар.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 4-июлундагы № 488

токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын Тайлак-Баатыр

атындагы Нарын чегара отрядынын Күжүрмөн

Туусунун сүрөттөлушү

1. Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын Тайлак-Баатыр

атындагы Нарын чегара отрядынын Күжүрмөн Туусу эки беттүү тик бурчтуу

формадагы кездеме түрүндө болот. үч тарабынын четтери алтын түстөгү

жибек чачык менен тигилген кызыл түстөгү эки катталган жибек

кездемеден жасалган. Кездеме энинин узундугу - 1500 мм, туурасы -1100

мм.

2.Кездеменин оњ жагынын жогорку жагына «КЫРГЫЗ РЕСПүБЛИКАСЫ» деген

жазуу жазылган. Борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

жайгашкан. Төмөн жагында:

«ЧЕГАРА КЫЗМАТЫНЫН

ТАЙЛАК-БААТЫР АТЫЊДАГЫ

НАРЫН ЧЕГАРА ОТРЯДЫ»

деген жазуу бар.

Гербдин өлчөмү диаметринде \_\_\_\_\_ мм.

3. Кездеменин арткы бетинин жогорку жагына «КЫРГЫЗСКАЯ

РЕСПУБЛИКА» деген жазуу жазылган. Борборунда Чегара кызматында кызмат

өтөөнү символдоштурган жана эркиндикти билдирүүчү жашыл түстөгү

тегеректи элестетүүчү Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын

символикасынын сүрөттөлүшү жайгашкан. Символика белгисинин өлчөмү

диаметринде \_\_\_ мм. Символиканын темөн жагында:

«НАРЫНСКИЙ ПОГРАНИЧНЫЙ ОТРЯД

ИМЕНИ ТАЙЛАК-БААТЫРА

ПОГРАНИЧНОЙ СЛУЖБЫ»

деген жазуу бар.

Туунун таягы жыгачтан, кочкул күрөњ түстө, диаметри 40 мм жана

узундугу 2500 мм.

Туунун учу дат баспоочу болоттон жасалган, анын борборуна беш

бурчтуу жылдыздуу жарым айдын сүрөтү түшүрүлгөн. Учтун узундугу 250

мм.

Туунун боосу учтарында эки чачысы бар алтын түстөгү эшилген жибек

жиптен даярдалат. Чачылуу боонун узундугу 2800 мм.

4. Символика жашыл түстөгү калканды элестетет. Гераяьдика боюнча

жашыл түс эркиндикти билдирет жана чегара кызматынын скмволу болуп

эсептелет. Жогору жагында:

«КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

ЧЕГАРА КЫЗМАТЫ»

деген жазуусу бар.

Ортосунда томөнкүлөр жайгашкан:

-Кыргыз Республикасынын картасынын сүрөтгөлүшү. Ортосунда

сурөттөлүщү «Кыргыз Республикасынын чегара белгилери жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-июнундагы № 439 токтому менен

бекитилген Кыргыз Республикасыньга мамлекеттик чегарасын элестеткен

чегара белгиси жайгашкан. Ал сары жана кызыл түстө, сары түстүн

фонунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү

жайгашкан.

Чегара белгисинин алдына Ак Шумкардын сүрөттөлүшү - Манас атанын Ак

Шумкары, - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербиннн элементи

жайгашкан.

Ак Шумкардын сүрөттелүшүнүн төмөн жагына:

- беш бурчтуу кызыл жылдыз - адамзаттын байыркы белгилериннн бири

жайгаштырылган, ал коргоо, коопсуздук символун билднрет жана аскер