Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрүнүн республикалык мамлекеттик үрөн фонду жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 30-июнундагы № 470
токтому менен бекитилген
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрүнүн
республикалык мамлекеттик үрөн фонду жөнүндө
ЖОБО
1-бөлүм. Жалпы жоболор
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрүнүн республикалык мамле-
кеттик үрөн фонду (мындан ары - Үрөн фонду) Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык төмөнкүлөр үчүн керектүү ассортиментте жа-
на көлөмдөрдө түзүлөт:
- республиканын табигый кырсыктардан жабыркаган айылдык товар
өндүрүүчүлөрүнө, калктын аз камсыз катмарларына, ошондой эле республи-
канын жаратылыштык-климаттык шарты катаал алыскы жана бийик тоолуу ра-
йондоруна мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн;
- республиканын үрөнчүлүк чарбаларын райондоштурулган жана келе-
чектүү сорттогу супер-элита жана элита үрөндөр менен, ошондой эле сорт-
торду жањыртуу жана сортторду алмаштыруу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн
гибриддеринин тектик түпкү формаларынын үрөндөрү менен камсыздоо;
- башка чарбакер субъекттердин белгиленген себүү программаларын
аткаруудагы муктаждыктарын канааттандыруу үчүн.
2-бөлүм. Үрөн фондунда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн
топтоонун жана тариздөөнүн тартиби
Үрөн фондунда айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча үрөндөрдү сандык жана
сапаттык жактан топтоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул маселе бо-
юнча тийиштүү чечиминен кийин гана ишке ашырылат. Үрөн фондуна
үрөндөрдү коюу үрөнчүлүк чарбалардын жана башка чарбакер субъекттердин
мамлекеттик карыз каражаттар боюнча береселерин жоюунун эсебинен ишке
ашырылат. Үрөн фондуна үрөндөрдү топтоо жөнүндө ар бир чечимде конк-
реттүү мамлекеттик карыз каражаттардын шифри чечмеленет. Үрөндөрдү Үрөн
фондуна коюу Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана ата-
анташтыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинде үрөндүн баалары
аныкталгандан кийин таризделет.
Үрөн фондуна республиканын үрөн чарба деген статусу бар конкреттүү
үрөн чарбасына (мындан ары - үрөн чарба) тийиштүү айыл чарба
өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү топтолууга тийиш. Мында үрөн чарбалар Үрөн фон-
дуна топтоочу үрөндөр милдеттүү түрдө тийиштүү тарага салынууга, ал
үрөндөрдүн кимге таандыктыгы, өсүмдүктүн аталышы, сорту (гибриди) жана
үрөндөрдүн репродукциясы (мууну) көрсөтүлгөн керектүү маркировкасы бо-
лууга тийиш.
Үрөн чарбанын статусу жок, бирок мамлекеттик карыз каражаттар бо-
юнча бересесин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү менен төлөөнү каала-
ган башка чарбакер субъекттер өздөрүнүн үрөндөрүн андай максатка ыла-
йыкташтырылган жайларда, райондук же район аралык мамлекеттик үрөн инс-
пекциясынын макулдугу менен жооптуу сактоону камсыздоого тийиш.
Үрөн фондунда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн топтоо жана та-
риздөө боюнча иш төмөнкүдөй:
а) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин
Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондунун (мындан ары - ЭӨФ)
райондук өкүлү райондук айыл чарба башкармасынын начальнигине (мындан
ары - АЧБ) райондо мамлекеттик карыз кредиттер (бюджеттик ссуда, Япони-
янын Өкмөтүнүн гранты жана башкалар) боюнча жоюла элек бересеси бар жа-
на бересесин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук үрөндөрү менен төлөөнү
каалаган жеке адамдардын жана юридикалык жактардын тизмесин ар бир ра-
йон боюнча 15-июнга чейин берет;
б) АЧБ райондук (райондор аралык) мамлекеттик үрөн инспекциясы
(мындан ары - Үрөн инспекциясы) менен бирдикте аныкталган тартипте жеке
адамдардын жана юридикалык жактардын айдоолорунан алынчу түшүмдүн
үрөнгө жарактуулугун текшерүүнү камсыздайт, ал айдоолор кийин Үрөн инс-
пекциясынын кызматкерлеринин контролунда болот (агротехникалык багуу,
түрдүк жана сорттук отоолордун жүргүзүлүшү, тазаланышы, талаадан сыноо-
дон өткөрүлүшү, өстүрүлгөн түшүмдүн үрөнгө жыйналышы, тазаланышы, упа-
ковкаланышы жана маркаланышы, ошондой эле сактоо шартынын текшерилиши).
Үрөн инспекциясынын кызматкерлери өстүрүлгөн түшүм себүүчү материалга
карата талаптарга ылайык болсо сорттук жана себүү боюнча документтер
менен камсыздашат;
в) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Үрөн фондунда тигил же бул
айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн топтоо жөнүндө чечими чыккандан ки-
йин АЧБ, ЭӨФ жана ар бир үрөн чарбанын, тигил же бул айыл чарба
өсүмдүгүнүн тийиштүү сортунун (гибридинин) жана репродукциясынын (муу-
нунун) конкреттүү сандагы үрөнү бар чарбакер субъект менен үрөндөрдү
Үрөн фондунда камдоо жана сактоо жөнүндө үч тараптуу Макулдашуу тариз-
делет. Үч тараптын ар бири жогоруда аталган Макулдашуунун бирден нуска-
сын алат.
Макулдашууну тариздөө процесси бүткөндөн кийин Үрөн фондунда үрөн
чарбалар жана чарбакер субъекттер боюнча үрөн топтоонун реестри
түзүлүп, анда алардын ар бири боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрлөрү,
сорттору (гибриддери) жана репродукциялары (муундары) көрсөтүлөт. Реес-
трге райондук АЧБнын начальниги, райондук (райондор аралык) Үрөн инс-
пекциясынын начальниги жана ЭӨФнын райондогу өкүлү кол коет жана күздүк
же жаздык себүүнүн оптималдуу агротехникалык мөөнөттөрү башталаардан
бир аптадан кем эмес мурдатан республикалык ЭӨФга жана Кыргыз Республи-
касынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине (мын-
дан ары - Айыл чарба министрлиги) эки көчүрмөдө жиберилет.
3-бөлүм. Үрөн фондунда топтолгон жана таризделген сорттук жана
гибриддик үрөндөрдү берүүнүн тартиби
Республиканын райондорунан Айылсуучарбаминге жана ЭӨФга келген
Үрөн фондунда үрөндөр дүњ топтолушу жөнүндө реестрлер Айыл, суу чарба
жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинде талданып, ал облмамадминист-
рациялар берген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү менен камсыздыктын
балансынын, республикалык Үрөн инспекциясы берген супер-элита жана эли-
та үрөндөр менен сортторду жањыртуу пландарынын негизинде, ошондой эле
райондордон Айыл чарба министрлигине жана жана ЭӨФга райондордон конк-
реттүү чарбакер субъекттерден келген өтүнмөлөрдүн негизинде айыл чарба
өсүмдүктөрүнүн үрөн фондунда топтолгон үрөндөрүн бөлүштүрүү боюнча не-
гизделген сунуштарды даярдайт жана аларды Товардык кредиттерди
бөлүштүрүүчү боюнча республикалык мамлекеттик комиссиянын (мындан ары -
Мамкомиссия) кароосуна киргизет.
Мамкомиссия өзүнүн жыйындарында Айыл чарба министрлигинин
үрөндөрдү бөлүштүрүү боюнча сунуштарын карайт, анын ичинде конкреттүү
үрөн чарбаларга супер-элита жана элита үрөндөрдү сортторду жањыртуу жа-
на сортторду алмаштыруу үчүн бөлүп берет, эгер тийиштүү ондоолор болсо,
алар киргизилгенден кийин өзүнүн чечимин Протокол менен тариздейт.
Мамкомиссиянын чечиминин протоколу ага төрагасы кол койгон күнү
факс менен облустардын мамлекеттик администрацияларына жиберилет, алар
үч күндөн кем эмес мөөнөттүн ичинде облустук мамлекеттик комиссиялардын
чечими менен үрөндөрдү ар бир облустун райондору боюнча бөлүштүрүшөт.
Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча райондук мамлекеттик комиссиялар
үрөндөрдү бир аптадан кем эмес убакыттын ичинде өз райондорунун чарба-
кер субъекттери боюнча бөлүштүрүүнү камсыздоого милдеттүү. Чарбакер
субъекттер (ссуда алуучулар) товардык кредит түрүндө үрөн алууга кре-
диттик-күрөөлүк документтерди ЭӨФ органдарында аныкталган тартипте та-
риздешет. Үрөндөр ссуда алуучуларга ЭӨФда мамкомиссиянын протоколуна,
облустук, райондук мамлекеттик администрациялардын жана айыл
өкмөттөрүнүн бөлүштүрүү тизмелерине ылайык таризделген карызды которуу
жөнүндө макулдашуулардын, кредиттик келишимдердин жана күрөө жөнүндө
келишимдердин негизинде берилүүгө тийиш.
4-бөлүм. Үрөн фондунда үрөндөрдү жооптуу сактоонун мөөнөттөрү.
Карызды которуу
Үч тараптуу Макулдашууга кол коюлган күндөн баштап айыл чарба
өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү Үрөн фондуна жооптуу сактоого коюлду деп эсеп-
телет. ЭӨФ ушул күндөн баштап Үрөн фондунда мамлекеттик карыз каражат-
тар боюнча топтолгон үрөндөрдүн суммасына кредитти пайдалангандык үчүн
проценттерди жана айыптык санкцияларды салбайт. Бул мөөнөт күздүк
өсүмдүктөрдүн үрөндөрү үчүн - 15-ноябрга чейин жана жаздык
өсүмдүктөрдүн үрөндөрү үчүн - 25-майга чейин гана колдонулат, андан ки-
йин үрөндөр себүүнүн агротехникалык мөөнөтү өтүп кеткендикке байланыш-
туу аларды алуучуларга берилиши мүмкүн эмес.
Үрөн фондунда жооптуу сактоодо турган, бирок күздүк өсүмдүктөр бо-
юнча - 15-ноябрга чейинки мөөнөттө, ал эми жаздык өсүмдүктөр боюнча
25-майга чейинки мөөнөттө алынбаган үрөндөрдү камдоо жана сактоо жөнүн-
дө макулдашуулар күчүн жоготот жана ушул көрсөтүлгөн мөөнөттөн баштап
кредиттик келишимдердин шарттарынын күчү кайрадан иштей баштайт.
5-бөлүм. Тараптардын жоопкерчиликтери
Үрөн инспекциясынын органдары Үрөн фондуна жооптуу сактоого коюл-
ган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн сорттук жана себүү сапаттары
үчүн, жана үрөндөрдүн, алардын жарактуулугу жөнүндө күбөлүктөрдүн жа-
рактуулук мөөнөттөрүн өз убагында текшерилип турушу үчүн жоопкерчиликте
болот.
ЭӨФнын органдары үрөн чарбалардын жана береселерин жоюу үчүн айыл
чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сунуш кылган чарбакер субъекттердин бе-
реселеринин суммасы жөнүндө маалыматтардын тууралыгы үчүн жооп берет.
Райондук АЧБ үрөн чарбалар жана чарбакер субъекттер өздөрүндө жо-
оптуу сактоодо турган үрөндөрдү өз эркинче сарптаган күнөөсү, же алар-
дын күнөөсү боюнча ал үрөндөрдүн сорттук жана себүүчүлүк сапаттары на-
чарлаганы далилденгенден башка учурларда Үрөн фондунда айыл чарба
өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн топтоо жөнүндө маалыматтардын тууралыгы үчүн
жооп берет.
Бардык учурларда ар бир күнөөлүү тарап Кыргыз Республикасынын мый-
замдарына ылайык жооп берет. Ал эми талаш маселелер Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарында аныкталган тартипте чечилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы № 470 "2006-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноону уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 30.06.2006 · № 470 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы № 470 "2006-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноону уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 30.06.2006 · № 470 · Күчүн жоготкон