# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы № 476 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 963 «Бажылык пошлиналарды жана салыктарды төлөөдөн шарттуу толук бошотуу менен убактылуу алынып келүүчү (алынып чыгуучу) товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы № 476 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 963 «Бажылык пошлиналарды жана салыктарды төлөөдөн шарттуу толук бошотуу менен убактылуу алынып келүүчү (алынып чыгуучу) товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 476
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57581>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11542/edition/725803/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57581.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы № 476 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 963 «Бажылык пошлиналарды жана салыктарды төлөөдөн шарттуу толук бошотуу менен убактылуу алынып келүүчү (алынып чыгуучу) товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (15.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57581

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 317 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 3-июлундагы № 476

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын

28-декабрындагы № 963 «Бажылык пошлиналарды жана салыктарды

төлөөдөн шарттуу толук бошотуу менен убактылуу алынып келүүчү

(алынып чыгуучу) товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө»

токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 145-статьясынын 1-пунктуна

ылайык, Кыргыз Республикасынын өнөр-жайына инвестициялар үчүн онтойлуу

шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы №

963 «Бажылык пошлиналарды жана салыктарды төлөөдөн шарттуу толук

бошотуу менен убактылуу алынып келүүчү (алынып чыгуучу) товарлардын

тизмесин бекитүү женүндө» токтому менен бекитилген Бажылык

пошлиналарынан жана салыктардан шарттуу толук бошотуу менен убактылуу

алынып келинген (алынып чыгылган) товарлардын тизмесине төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр киргизилсин:

2.4-пунктчадагы «(өнөр жай өндүрүшүндө, товарларды упаковкалоо же

табигай ресурстарды эксплуатациялоо, жер иштетүү жумуштарын аткаруу,

имараттарды, түзүлүштөрдү, жабдууларды куруу жана оњдоо, жана ушул

сыяктуу башка жумуштарды жасоого пайдаланылчудан башкалар)» деген

сездөр алып салынсын;

- «Башка товарлар» деген 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 4.3-пунктча

менен толукталсын:

«4.3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун чечимдерине ылайык өнөр-

жайдын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү үчүн убактылуу алынып

келинген өнөр-жай жабдуулары, адистештирилген транспорт каражаттары.».

3. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

5. Бул токтрмдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
