# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-июнундагы № 462 "Жазык-аткаруу системасынын кызматчысын камсыздандыруунун тартиби, шарттары жана ал кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу мертинген, жарадар болгон, контузия, травма алган же ооруган, курман болгон же кызматтан бошонгондон кийин ошол кызмат өтөп жүргөн кезде алган жараттын, контузиянын, травманын же оорунун кесепетинен өлгөн учурда камсыздоо төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-июнундагы № 462 "Жазык-аткаруу системасынын кызматчысын камсыздандыруунун тартиби, шарттары жана ал кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу мертинген, жарадар болгон, контузия, травма алган же ооруган, курман болгон же кызматтан бошонгондон кийин ошол кызмат өтөп жүргөн кезде алган жараттын, контузиянын, травманын же оорунун кесепетинен өлгөн учурда камсыздоо төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 462
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57565>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11531/edition/326514/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57565.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-июнундагы № 462 "Жазык-аткаруу системасынын кызматчысын камсыздандыруунун тартиби, шарттары жана ал кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу мертинген, жарадар болгон, контузия, травма алган же ооруган, курман болгон же кызматтан бошонгондон кийин ошол кызмат өтөп жүргөн кезде алган жараттын, контузиянын, травманын же оорунун кесепетинен өлгөн учурда камсыздоо төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57565

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 27-июну № 462

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Жазык-аткаруу системасынын кызматчысын камсыздандыруунун тартиби, шарттары жана ал кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу мертинген, жарадар болгон, контузия, травма алган же кесиптик ооруган, курман болгон же кызматтан бошонгондон кийин ошол кызмат өтөп жүргөн кезде алган жараттын, контузиянын, травманын же кесиптик оорунун кесепетинен өлгөн учурда камсыздоо төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-февралындагы № 63 токтомунун редакциясына ылайык)

"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Жазык-аткаруу системасынын кызматчысы кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу мертинген, жарадар болгон, контузия, травма алган же кесиптик ооруган, курман болгон же кызматтан бошонгондон кийин ошол кызмат өтөп жүргөн кезде алган жараттын, контузиянын, травманын же кесиптик оорунун кесепетинен өлгөн учурда камсыздандыруунун тартиби жана камсыздоо төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-февралындагы № 63 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор ушул Жобону колдонушсун.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри Ф.Кулов
