# Кыргыз Республикасыеые Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-июнундагы № 461 "Мунайзаттарды эсепке алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында контролдук пломбаларды колдонуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасыеые Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-июнундагы № 461 "Мунайзаттарды эсепке алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында контролдук пломбаларды колдонуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 461
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57564>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11530/edition/972733/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57564.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыеые Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-июнундагы № 461 "Мунайзаттарды эсепке алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында контролдук пломбаларды колдонуу жөнүндө" токтому (17.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57564

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-сентябрындагы № 482 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 27-июну № 461

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Мунайзаттарды эсепке алуу жана Кыргыз Республикасынын

аймагында контролдук пломбаларды колдонуу жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 30-декабрындагы № 735

токтомуна ылайык)

Күйүүчү-майлоочу материалдардын келишин эсепке алууну жана конт-

ролдоону жөнгө салуу, аларды Кыргыз Республикасына контрабандалык жол

менен алып келүүнү жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. Мунайзаттарды эсепке алуунун жана контролдоонун жана Кыргыз

Республикасынын аймагында контролдук пломбаларды колдонуунун тартиби

жөнүндө тиркелген жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.

2. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтомуна ылай-

ык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматына 2006-жылдын

1-августуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагында

күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюн-

ча Ведомстволор аралык координациялык штабды түзүү сунушталсын.

4. "Кыргыз Республикасына алынып келүүчү нефти продуктуларга ак-

циздик пломбаларды колдонуунун убактылуу жобосу жөнүндө" Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 9-январындагы № 10 токтому күчүн жогот-

ту деп табылсын.

5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

6. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып үч айдан кийин күчүнө ки-

рет.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып

алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
