Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Москва шаарында 2005-жылдын 25-ноябрында кол коюлган адамдарды, киши органдарын жана ткандарын сатууга каршы күрөшүүдө Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 26-июну № 455
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Москва шаарында 2005-жылдын 25-ноябрында кол коюлган
адамдарды, киши органдарын жана ткандарын сатууга каршы
күрөшүүдө Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине
катышкан мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө
макулдашууну ратификациялоо тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Москва шаарында 2005-жылдын 25-ноябрында кол коюлган адамдар-
ды, киши органдарын жана ткандарын сатууга каршы күрөшүүдө Көзкаранды-
сыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кызматташтыгы
жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри бул мыйзам долбоору
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралганда Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр Ф.Кулов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Москва шаарында 2005-жылдын 25-ноябрында кол коюлган
адамдарды, киши органдарын жана ткандарын сатууга каршы
күрөшүүдө Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине
катышкан мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө
макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-статья.
Москва шаарында 2005-жылдын 25-ноябрында кол коюлган адамдарды,
киши органдарын жана ткандарын сатууга каршы күрөшүүдө Көзкарандысыз
Мамлекеттер Шериктештигинен катышкан мамлекеттердин кызматташтыгы жө-
нүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу-
нун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыр-
гыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көзкарандысыз Мамлекеттер Ше-
риктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
3-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Москва шаарында 2005 - жылдын 25 - ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин адамдарды, киши органдарын жана ткандарын сатууга каршы…Закон · 05.12.2006 · № 193
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон