# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 26-июнундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-декабрындагы № 582 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 26-июнундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-декабрындагы № 582 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 454
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.08.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57557>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11524/edition/326504/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57557.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 26-июнундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-декабрындагы № 582 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (17.08.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57557

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 17-августундагы № 341

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 26-июну № 454

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын

14-декабрындагы № 582 "Кыргыз Республикасы менен

Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык

кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз

бөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралуу

Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-декабрындагы №

582 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскер-

дик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз

бөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- комиссиянын курамына киргизилсин:

Керимкулов Медетбек Темирбекович - Кыргыз Республикасынын өнөр

жай, соода жана туризм министринин милдетин аткаруучу, комиссиянын

төрагасы;

Оморов Роман Оморович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Шаршекеев Марат Дүйшебаевич - "Ак-Марал" корпорациясынын кыргыз

радиозаводу" АКсынын президенти;

- комиссиянын курамынан А.Ш.Атамбаев чыгарылсын.

Премьер-министр Ф.Кулов
