# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-июнундагы № 450 " Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-июнундагы № 450 " Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 450
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.11.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57553>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11520/edition/326499/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57553.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.11.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-июнундагы № 450 " Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (19.11.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57553

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 19-ноябрындагы № 555 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 22-июну № 450

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө

жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө", "Кыргыз

Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам-

дарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 22-майындагы №

270 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу жагында

мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө тиркелген жобо

бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы мурда кабыл алынган че-

немдик укуктук актыларын ушул Жобого ылайык келтирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-июнундагы № 487

"Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө жобону бекитүү туура-

луу" токтомунун 1, 2 жана 4-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо-

юнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
