# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-июнундагы № 449 " Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин менчиктештирилген имараттардын жана курулуштардын алдындагы жер участокторуна жеке менчик укугун мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-июнундагы № 449 " Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин менчиктештирилген имараттардын жана курулуштардын алдындагы жер участокторуна жеке менчик укугун мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 449
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57551>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11519/edition/326497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57551.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-июнундагы № 449 " Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин менчиктештирилген имараттардын жана курулуштардын алдындагы жер участокторуна жеке менчик укугун мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57551

---

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын 19-майындагы № 353

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 20-июну № 449

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге

чейин менчиктештирилген имараттардын жана курулуштардын

алдындагы жер участокторуна жеке менчик укугун

мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө

жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясынын 7-пунктунун чечмелөө

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын

Президентинин 2004-жылдын 7-октябрындагы "Жагымдуу инвестициялык

чөйрөнү түзүү жагындагы мамлекеттик саясат жөнүндө" Жарлыгын жана Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 24-ноябрындагы № 854 "Кыргыз

Республикасынын Президентинин "Жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүү жа-

гындагы мамлекеттик саясат жөнүндө" 2004-жылдын 7-октябрындагы Жарлыгын

ишке ашыруу тууралуу" токтомун аткаруу максатында Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге че-

йин менчиктештирилген имараттардын жана курулуштардын алдындагы жер

участокторуна менчик укугун мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө тир-

келген жобо бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иш-

тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
