# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-июнундагы № 441 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелернн өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-июнундагы № 441 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелернн өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 441
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.06.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57542>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11511/edition/326487/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57542.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-июнундагы № 441 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелернн өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (17.06.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57542

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 17-июнундагы № 441

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

«Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин

чет өлкөлөрдөгү мекемелернн өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын

15-ноябрындагы № 626 токтомуна өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Венгрия Республикасы, Словакия Республикасы,

Чехия Республикасы, Канада, Молдова Республикасы, Грузия, Азербайжан

Республикасы, Армения Республикасы жана Финляндия Республикасы менен

соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуусун кењейтүү

максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөту токтом кылат:

1. «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет

өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626 токтомуна

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- №2 тиркемедеги эскертүү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын

жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Р.Н.Приживойтко өлкөлөрдү айкалыштырып

иштегендиги үчүн кызматтык маянасына 20 процент өлчөмүндөгү үстөк

белгиленсин.»;

- № 12 тиркемедеги эскертүү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана

Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси З.Б.Сыдыковага өлкөлөрдү

айкалыштырып иштегендиги үчүн кызматтык маянасына 10 процент

өлчөмүндөгү үстөк белгиленсин.»;

- № 16тиркемедегиэскертүү төмөнкүдөйредакциядаберилсин:

«Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын

жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Ж.Жумагуловго өлкөлөрдү айкалыштырып

иштегендиги үчүн кызматтык маянасына 20 процент өлчөмүндөгү үстөк

белгиленсин.»;

- № 17 тиркемедеги эскертү төмөнкудөй редакцияда берилсин:

«Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым

укуктуу Элчиси Э.Б.Мамкуловго өлкөлөрдү айкалыштырып иштегендиги үчүн

кызматтык маянасына 10 процент өлчөмүндөгү үстөк белгиленсин.».

2. Бул токтомдун 1-пунктунда каралган үстөктөр аталган адамдар

айкалыштырып иштөө боюнча кызматка дайындалган күндөн тартып төлөнөөрү

белгиленсин.

Премьер-министр Ф.Кулов
