# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-июнундагы №433 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-июнундагы №433 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 433
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57534>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11503/edition/1251632/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57534.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-июнундагы №433 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берүү тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57534

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 14-июну №433

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин

Администрациясына жиберилсин.

Премьер-министр Ф.Кулов

2006-жылдын 14-июну №24-1465

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына

"Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен аны кабыл алууга макулдук берет. Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 1-статьясынын 2-пунктун алып салууну сунуш кылабыз, анткени Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин жалпы принциби боюнча ишти андан ары кароого жолтоо болуучу сот актылары гана даттанылууга жатат. Судьядан баш тартуу ишти кароого жолтоо болуп эсептелбейт. Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 1-статьясынын 18, 19 жана 20-пункттарында арыздарды соттун кароо мөөнөттөрүн кайра кароону сунуш кылабыз. Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 1-статьясынын 23- пунктунда көрсөтүлгөн сунуш кылынган өзгөртүүлөр жарандык сот өндүрүшүндө убаракерчиликти жаратышы мүмкүн. Өз учурунда бул норма "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004- жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинен негиздүү түрдө алып салынган. Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Мьшзам долбоорунун 1-статьясынын 23-пунктун алып салууну сунуш кылабыз.

Премьер-министр Ф.Кулов
