Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мамлекеттик пошлина жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 14-июну №431
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин
Администрациясына жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 14-июну №24-1466
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына
"Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкү сунуштарды эске алуу менен аны кабыл алууга макулдук берет. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынын иш- милдеттерине компенсациялардын жана пенсиялардын суммаларын зыян келтирүүчүдөн өндүрүп алуу жөнүндө регрессивдүү доолор боюнча, ошондой эле милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун камсыздандыруу взностору боюнча сот органдарына доо арыздарды берүү кирет. Анын үстүнө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин каражаттары тикелей арналышы боюнча - пенсияларды төлөөгө жиберилүүчү жумуш берүүчүлөр менен жумушчулардан түшүүчү социалдык камсыздандыруунун каражаттарынан түзүлгөндүктөн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдары сотто мамлекеттик пошлина төлөөдөн бошотулушу керек. Баяндалгандардын негизинде "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү сунуш кылабыз. Мыйзам долбоорунун 1-статьясында: 6-пунктунда:
- төртүнчү абзацында "д)" жана "ц)" тамгаларын алып салууну;
- пунктту төмөнкү мазмундагы абзац менен толуктоону: "1-пункт
төмөнкү мазмундагы "д)" жана "е)" пунктчалары менен толукталсын: "д) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана анын органдары:
- жабырлануучуга же анын үй-бүлө мүчөлөрүнө төлөнгөн пособиелердин,
компенсациялардын жана пенсиялардын суммаларын зыян келтирүүчүдөн өндүрүп алуу жөнүндө регрессивдүү доо арыздар боюнча;
- туура эмес төлөнгөн компенсацияларды, пособиелерди жана
пенсияларды өндүрүп алуу жөнүндө доо арыздар боюнча;
- жарандардан милдеттүү төлөмдөрдү өндүрүп алуу жөнүндө доо арыздар
боюнча;
е) социалдык коргоо органдары - туура эмес төлөнгөн пособиелерди
өндүрүп алуу жөнүндө доо арыздар боюнча;";
8-пунктта:
- төртүнчү абзацында "а)", "б)", "и)" тамгаларын алып салууну;
- пунктту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толуктоону:
"1-пункт төмөнкү мазмундагы "г)" пунктча менен толукталсын: "г) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана анын органдары - жабырлануучуга же анын үй-бүлө мүчөлөрүнө төлөнгөн пособиелердин, компенсациялардын жана пенсиялардын суммаларын зыян келтирүүчүдөн өндүрүп алуу жөнүндө регрессивдүү доо арыздар боюнча;". Мындан тышкары маалымат катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" 2005-жылдын 22-июнундагы № 253 токтомуна ылайык "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун иштелип чыкканын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна киргизилгенин билдиребиз, аны кароо 2006-жылдын июнуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинињ заседаниелеринин күн тартибине киргизилген.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Постановление Правительства КР от 22 июня 2005 года №253 " О проекте Закона Кыргызской Республики "О государственной пошлине"Постановление · 22.06.2005 · № 253 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- О государственной пошлинеЗакон · 16.12.1992 · № 1072-XII · Күчүн жоготкон