# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-июнундагы № 430 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент айыл өкмөтүнүн аймагында газ толтуруучу станцияларды куруу үчүн жер участкаларын беруү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-июнундагы № 430 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент айыл өкмөтүнүн аймагында газ толтуруучу станцияларды куруу үчүн жер участкаларын беруү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 430
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57531>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11500/edition/326476/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57531.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-июнундагы № 430 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент айыл өкмөтүнүн аймагында газ толтуруучу станцияларды куруу үчүн жер участкаларын беруү жөнүндө" токтому (14.06.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57531

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 14-июнундагы № 430

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы

Бешкент айыл өкмөтүнүн аймагында газ толтуруучу станцияларды куруу

үчүн жер участкаларын беруү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда чакан жана орто бизнести

өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-

статьясына ылайык Кыргаз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик

администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча

республикалык комиссия менен макулдашылган, Кыргаз Республикасынын

Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнун аймагында газ

толтуруучу станцияларды куруу үчүн Айыл чарба жерерин кайра бөлүштүрүү

фондунун 1,1 га жерин, анын ичинде 0,6 га - сугат айдоосун, , 0,5 га -

көп жылдык өсүмдүктөр баскан жерин берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.

2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер "Айыл чарба

багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш,

коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.

3. Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы:

- "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес керектөөлөр үчүн алып

коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун

толтуруунун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому

менен белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн

жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын жана алынбай калган пайданын

ордун төлөшүн камсыздасын;

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү

киргизсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра

иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
