Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент айыл өкмөтүнүн аймагында газ толтуруучу станцияларды куруу үчүн жер участкаларын беруү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 14-июнундагы № 430
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы
Бешкент айыл өкмөтүнүн аймагында газ толтуруучу станцияларды куруу
үчүн жер участкаларын беруү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда чакан жана орто бизнести
өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-
статьясына ылайык Кыргаз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик
администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча
республикалык комиссия менен макулдашылган, Кыргаз Республикасынын
Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнун аймагында газ
толтуруучу станцияларды куруу үчүн Айыл чарба жерерин кайра бөлүштүрүү
фондунун 1,1 га жерин, анын ичинде 0,6 га - сугат айдоосун, , 0,5 га -
көп жылдык өсүмдүктөр баскан жерин берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер "Айыл чарба
багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш,
коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.
3. Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы:
- "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес керектөөлөр үчүн алып
коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун
толтуруунун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому
менен белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн
жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын жана алынбай калган пайданын
ордун төлөшүн камсыздасын;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү
киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра
иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 14 февраля 1998 года №66 "Об утверждении Временных нормативов стоимости возмещения потерь сельскохозяйственного производства, связанных с…Постановление · 14.02.1998 · № 66 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон