# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-июнундагы № 426 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 72 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-июнундагы № 426 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 72 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 426
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57527>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11496/edition/1209423/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57527.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-июнундагы № 426 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 72 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (16.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57527

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 686 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 14-июнундагы № 426

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 72 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Бажы органдарынын кызматкерлеринин форма кийимдерин кийүү, айырмалоо белгилерин тагынуу эрежелерин регламенттөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы

инспекциясынын маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 72 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын туусу жана символикасы жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- VI бөлүмүндө:

1-пункттагы «бозомтук жашыл» деген сөздөр «коргоочу жашыл» деген сөздөргө алмаштырылсын; 4-пункт төмөнкүдей редакцияда берилсин: «4. Улук жана орто жетекчилик курамдын погондору - тик бурчтуу,үстүњкү чети трапеция түрүндө коргоочу жашыл түстө (ак - ак түстөгү көйнөк үчүн), орто жетекчилик курам үчүн - жашыл түстөгү бир тилкеси бар, улук жетекчилик курам үчүн - жашыл түстөгү эки тилкеси бар. Погондордо диаметри 22 мм жанаИ мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу жылдыз, жогорку жагында үстүнөн күндүн нуру менен алкакталган түндүктүн фонунда бүркүт түшүрүлгөн эмблема жана формалык топчу жайгаштырылган.»; 5-пункттагы «бозомтук жашыл» деген сөздөр «кийимдин кездемесинен» деген сөздөргө алмаштырылсын; -VII бөлүмүндө: аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «Айырмалоочу белгилердин жайгашуусу»; 2-пункттагы таблица төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

« \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

| Атайын | Погондор- | Жыл- | Погондун | Погондо | Погондун |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| наам | догу | дыздар | төмөнкү | узата | төмөнкү |
| жылдыз- | дын | четинен | жайгашкан | четинен |  |
| дар саны | диаметри | биринчи | жылдыздар- | эмблеманын |  |
|  | (мм) | жылдыздын | дын борбор | борборуна |  |
|  |  | борборуна | лорунун | чейинки |  |
|  |  | чейинки | ортосунда- | аралык |  |
|  |  | аралык | гы аралык | (мм) |  |
|  |  | (мм) | (мм) |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
| Генерал- | 9 | 22 | 25 | 25 | \- |
| лейтенант |  |  |  |  |  |
| Генерал- | 1 | 22 | 50 | \- | \- |
| майор |  |  |  |  |  |
| Полковник | 3 | 22 | 30 | 25 | 100 |
| Подполковник | 2 | 22 | 30 | \- | 100 |
| Майор | 1 | 22 | 45 | \- | 100 |
| Капитан | 4 | 14 | 30 | 25 | 100 |
| Улук | 3 | 14 | 30 | 25 | 100 |
| лейтенант |  |  |  |  |  |
| Лейтенант | 2 | 14 | 30 | \- | 100 |
| Кенже | 1 | 14 | 45 | \- | 100 |
| лейтенант |  |  |  |  |  |
| \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ | \_\_\_\_\_\_\_\_\_ | \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ |  |  |  |

2. Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын

бажы органдарынын кызмат адамдарынын кийимдеринин формасы жана буюмдук үлүшүнүн нормалары жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- Жобонүн буткүл тексти боюнча «бозомтук жашыл» деген сөздөр

«коргоочу жашыл» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- I бөлүмүнүн 1-пунктунун экинчи абзацындагы «Кыргыз

Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн» деген сөздөр «ведомстволук символикасы түшүрүлгөн» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 16-пункт менен толукталсын:

«16. Атайын кышкы/жайкы кебез кездемеден тигилген кепкалар. Жогорку жетекчилик курам үчүн сүрөттөөлөргө туура келет.».

Премьер-министр Ф.Кулов
