Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «1998-жылдын 6-майында Бишкек шаарында кол коюлган „Укук коргоо органдарынын жана атайын органдардын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын аймактарында болуусунун жана өз ара байланышта иштешүүсүнүн тартиби жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 12-июнундагы № 420
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
1998-жылдын 6-майында Бишкек шаарында кол коюлган "Укук
коргоо органдарынын жана атайын органдардын кызматкерлеринин
Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын
аймактарында болуусунун жана өз ара байланышта иштешүүсүнүн
тартиби жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 1998-жылдын 6-майында Бишкек шаарында кол коюлган "Укук коргоо
органдарынын жана атайын органдардын кызматкерлеринин Кыргыз
Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын аймактарында болуусунун
жана өз ара байланышта иштешүүсүнүн тартиби жөнүндө келишимди
ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри бул мыйзам долбоору
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралганда Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр Ф.Кулов
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
1998-жылдын 6-майында Бишкек шаарында кол коюлган
Укук коргоо органдарынын жана атайын органдардын
кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан
Республикасынын аймактарында болуусунун жана өз ара
байланышта иштешүүсүнүн тартиби жөнүндө келишимди
ратификациялоо тууралуу
1-статья. 1998-жылдын 6-майында Бишкек шаарында кол коюлган Укук
коргоо органдарынын жана атайын органдардын кызматкерлеринин Кыргыз
Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын аймактарында болуусунун
жана өз ара байланышта иштешүүсүнүн тартиби жөнүндө келишим
ратификациялансын.
2-статья. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Тажикстан
Республикасынын Ички иштер министрлигине Кыргыз Республикасы бул
Келишимдин күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду
аткарганы жөнүндө билдирсин.
3-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Бишкек шаарында 1998 - жылдын 6 - майында кол коюлган Укук коргоо органдарынын жана атайын органдардын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын…Закон · 05.12.2006 · № 196
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон