# Кыргыз Республикасынын кмтнн 2006-жылдын 8-июнундагы № 414 "Кыргыз Республикасыныи Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-октябрындагы № 798 "Бюджеттик мекемелер менен уюмдардын толук бюджеттик каржылоого этабы менен өтүшү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын кмтнн 2006-жылдын 8-июнундагы № 414 "Кыргыз Республикасыныи Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-октябрындагы № 798 "Бюджеттик мекемелер менен уюмдардын толук бюджеттик каржылоого этабы менен өтүшү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 414
- Кабыл алынган күнү: 08.06.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.06.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57516>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11485/edition/326454/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57516.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.06.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын кмтнн 2006-жылдын 8-июнундагы № 414 "Кыргыз Республикасыныи Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-октябрындагы № 798 "Бюджеттик мекемелер менен уюмдардын толук бюджеттик каржылоого этабы менен өтүшү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" (08.06.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57516

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 8-июнундагы № 414

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасыныи Өкмөтүнүн 2004-жылдын

30-октябрындагы № 798 "Бюджеттик мекемелер менен уюмдардын

толук бюджеттик каржылоого этабы менен өтүшү жөнүндө"

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы №

57 "Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты

өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигинин маселелери жөњүндө" Жарлыгына

ылайык, монополияга каршы жөнгө салуу, отун-энергетика комплекси,

керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнама тармагында натыйжалуу

саясат жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-октябрындагы № 798

"Бюджеттик мекемелер менен уюмдардын толук бюджеттик каржылоого этабы

менен өтүшү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Энергетика боюнча мамлекеттик агентствону" деген сөздөр "Кыргыз

Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктурүү

боюнча улуттук агенттигин, лицензиялоо боюнча көзөмөлдөөчү

функцияларды аткаргандык үчүн лицензиаттан лицензияланчу ишкердигинен

алынчу акчанын 0,15 проценти өлчөмдөгү жыл сайынкы акы бөлүгүндө"

деген сөздөргө алмаштырылсын;

- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана

соода министрлигине караштуу Монополияга каршы саясат боюнча

департамент Толук бюджеттик каржылоого өткөрүлүүчү министрликтер менен

ведомстволордун тизмесинен чыгарылсын.

Премьер-министр Ф.Кулов
