Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасыныи Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-октябрындагы № 798 «Бюджеттик мекемелер менен уюмдардын толук бюджеттик каржылоого этабы менен өтүшү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 8-июнундагы № 414
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасыныи Өкмөтүнүн 2004-жылдын
30-октябрындагы № 798 "Бюджеттик мекемелер менен уюмдардын
толук бюджеттик каржылоого этабы менен өтүшү жөнүндө"
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы №
57 "Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты
өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигинин маселелери жөњүндө" Жарлыгына
ылайык, монополияга каршы жөнгө салуу, отун-энергетика комплекси,
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнама тармагында натыйжалуу
саясат жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-октябрындагы № 798
"Бюджеттик мекемелер менен уюмдардын толук бюджеттик каржылоого этабы
менен өтүшү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Энергетика боюнча мамлекеттик агентствону" деген сөздөр "Кыргыз
Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктурүү
боюнча улуттук агенттигин, лицензиялоо боюнча көзөмөлдөөчү
функцияларды аткаргандык үчүн лицензиаттан лицензияланчу ишкердигинен
алынчу акчанын 0,15 проценти өлчөмдөгү жыл сайынкы акы бөлүгүндө"
деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана
соода министрлигине караштуу Монополияга каршы саясат боюнча
департамент Толук бюджеттик каржылоого өткөрүлүүчү министрликтер менен
ведомстволордун тизмесинен чыгарылсын.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-октябрындагы № 798 "Бюджеттик мекемелер менен уюмдардын толук бюджеттик каржылоого этабы менен өтүшү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.10.2004 · № 798
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы ПЖ №57 "Кыргыз Республикасынын Антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигинин…Указ · 13.02.2006 · № 57 · Күчүн жоготкон