# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-июнундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-июнундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 409
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57511>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11480/edition/398688/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57511.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-июнундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (31.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57511

---

КР Өкмөтүнүн

2012-жылдын 31-январындагы №68 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 5-июнундагы № 409

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2008-жылдын

11-июлу № 372 токтомунун редакциясында)

Майыптарды социалдык жактан коргоону жогорулатуу максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасында медициналык-социалдык экспертиза

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 31-декабрындагы

№ 915 токтому менен бекитилген Медициналык-социалдык экспертизаны

жүргүзүүдө колдонулуучу классификацияга жана критерийлерге төмөнкүдей

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

-"Кайтадан күбөлөндүрүү мөөнөтү коюлбаган майыптыкты аныктоо

критерийлери" главасынын 1) пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1) Организмдеги органдардын жана системаларынын функцияларынын

туруктуу бузулушу жана кайталанбас морфологиялык өзгөрүүлөр менен ден

соолугунун начарлашынан улам тиричилик аракетинин узак чектелишинен

социалдык жетишпегендикти азайтууга же жок кылууга мүмкүнчүлүгү жок

майыптарга медициналык-социалдык эксперттик комиссияларда (мындан ары

- МСЭК) байкоо жүргүзүү мөөнөтү экинчи топтогуларга - 6 жыл, үчүнчү

топтогуларга - 15 жыл.

Кайтадан күбөлөндүрүү мөөнөтү коюлбаган майыптыктын топторун

аныктоо үчүн "майып-бала" категориясы боюнча 18 жашка чейинки

курактагы майып адамдардын МСЭКтин көзөмөлүндө турган мезгили эсепке

алынат.";

-"Кайтадан күбөлөндүрүү мөөнөтү коюлбаган майыптык тобун

белгилөөдөгү оорулардын тизмеси" главасында

"Нервдик-психикалык оорулар" деген II бөлүмдүн:

3-пункту "көрүнүштөрү менен" деген сөздөрдөн кийин "ачык байкалып

турган" деген сөздөр менен толукталсын;

бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:

"14.Төрт жылдын аралыгында МСЭКтин көзөмөлүнөн кийин ачык байкалып

турган дебилдүүлүктүн тиешелүү дењгээлиндеги акыл-эс жагынан бир аз

артта калгандык.";

"Хирургиялык оорулар, анатомиялык дефекттер жана деформациялар"

деген III бөлүмдүн 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен

толукталсын:

"Айыкпаган колостомада, айыкпаган толук ичеги-карын тешигинде,

көтөн чучуктун III даражадагы сфинктердин функциясынын ачык байкалган

туруктуу бузулууларында кайтадан күбөлөндүрүү мөөнөтү коюлбаган

майыптыктын экинчи тобу белгиленет.".

"Көздүн зыян тартышы жана оорушу" деген IV бөлүмдө:

- 2-пункт "орбитанын" деген сөздөн кийин "жана өтүшүп кеткен эки

көздүн афакиясынын" деген сөздөр менен толукталсын;

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"3. Майыптыктын үчүнчү тобу төменкүдөй белгиленет:

- толук сокурдук же коррекциялоо мүмкүндүгү жок болгондо бир

көзүнүн көрүү курчтугунун 0,05%ке чейин төмөндөшү же көрүү аянтынын 10

градуска чейин ичкериши;

- бир көздүн анофтальмы (көз чарасын толук алып салуу), өтүшүп

кетпеген бир же эки көздүн операциядан кийинки афакиясы.

Эскертүү: бир же эки көздүн афакиясында майыптуулуктун тобу төрт

жылдын аралыгында байкоо жүргүзүлгөндөн кийин мөөнөтсүз белгиленет.";

"Комбинацияланган дефекттер" деген V бөлүмдүн 1-пунктунун үчүнчү

абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- биринчини кошо алганда төрт манжанын анкилозу же кескин көрүнгөн

контрактурасы, эки беш манжанын функционалдык жараксыз абалы;".

2. "Кыргыз Республикасында медициналык-социалдык экспертиза

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 31-декабрындагы

915 токтому менен бекитилген Майып балдарга 18 жашка чыкканга чейин

ай сайын пособие алууга укук бере турган медициналык көрсөткүчтөргө

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Майып балдарга 18 жашка чыкканга чейин ай сайын пособие алууга

укук бере турган медициналык көрсөткүчтөрдүн тизмеси";

-"Майып балдарга 18 жашка чыкканга чейин ай сайын пособие

алуугаукук бере турган медициналык көрсөткүчтөр" главасында:

"6 айдан 2 жылга чейинки мөөнөткө майыптыкты белгилөөгө укук бере

турган патологиялык абалдар" деген I бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 9-

пункт менен толукталсын:

"9. ВИЧ/СПИД диагнозу коюлган 2 жашка чейинки курактагы балдар.";

"2ден 5 жылга чейинки мөөнөткө майыптыкты белгилөөгө укук бере

турган патологиялык абалдар" деген II бөлүм:

-"А" бөлүмчөсүнүн 1-пунктунун 1.6- пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда

берилсин:

"1.6. Угуу, көрүү, таяныч-кыймыл аппаратынын башка органдардын,

системаларынын же жүрүм-турумунун патологиялык формаларынын

функцияларынын бузулушу менен айкалышкан кем акылдык даражадагы

акылынын жетишсиздиги; башка жагынан бузууларсыз көрүнүп турган кем

акылдыктын тиешелүү даражасындагы акыл-эс жагынан жетишсиздик.";

- 1-пункт төменкүдөй мазмундагы 1.9-пунктча менен толукталсын:

"1.9. Ар кандай генездеги адамдын көрүнүп турган органикалык

бузулушу.";

- 3-пункттун 3.4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"3.4. Ыњгайсыз клиникаяык болжолдоосу менен П-Ш даражадагы өнөкөт

жүрөк жетишсиздиги, реабилитациялык потенциалдык болушу.";

- "Б" бөлүмчөсү төменкүдөй мазмундагы 9 жана 10-пункттар менен

толукталсын:

"9. Ар кандай генездин акыл-эс жагынањ жетишсиздиги же начардыгы,

акыл-эс жагынан жетишсиздиктин тиешелүү денгээли.

10. Туруктуу көрүнген кыймылдык бузулуулар (кол-буттардын кесилиши,

генерализацияланган гиперкинездер, координациянын бузулушу жана

ж.б.у.с.).";

- "Он сегиз жашка чыкканга чейинки мөөнөткө майыптыкты белгилөөгө

укук бере турган патологиялык абалдар" деген III бөлүмдө:

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"3. Ар кандай генездин акыл-эс жагынан жетишсиздиги же начардыты,

өтө оор акыл-эс жагынан жетишсиздиктин тиешелүү денгээли.";

- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:

"Имплантацияланган кардиостимулятордун болушу.";

- III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

"21. Баш сөөк дефекти".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы №372

токтомуна ылайык күчүн жоготкон.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы №372

токтомуна ылайык күчүн жоготкон.

5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министр Ф.Кулов
