# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-июнундагы № 401 "Объекттерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын мэрияларына муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-июнундагы № 401 "Объекттерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын мэрияларына муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 401
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57501>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11473/edition/326433/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57501.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-июнундагы № 401 "Объекттерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын мэрияларына муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (01.06.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57501

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 1-июну № 401

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Объекттерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги

шаарларынын мэрияларына муниципалдык менчикке өткөрүп берүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 токтомуна

толуктоолорду киргизүү тууралуу

Мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкаруу, Ош шаарынын мэриясынын

толук иштешин камсыз кылуу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

"Объекттерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын

мэрияларынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 токтомунун "Ош

шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берилүүчү объекттер-

дин тизмеси" деген № 1 тиркемесине төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. "Саламаттык сактоо объекттери (имараттар жана жайлар)" деген I

бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 32-пункт менен толукталсын:

"------------------------------------------------------------------

| 32 | Кардиологиялык борбор | 1 | \- |
| --- | --- | --- | --- |

".

2. "Билим берүү объекттери" деген II бөлүмдүн "Балдар бакчасы"

"А)" пункту төмөнкү мазмундагы 26 жана 27-пункттар менен толукталсын:

"------------------------------------------------------------------

| 26 | N 39 балдар бакчасы | 1 | \- |
| --- | --- | --- | --- |
| 27 | N 53 балдар бакчасы | 1 | \- |

".

3. "Маданият объекттери" деген III бөлүмдүн "Парктар" "Е)" пункту

төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"------------------------------------------------------------------

| 5 | "Мээрим" паркы | 1 | \- |
| --- | --- | --- | --- |

".

4. "Турак жайлык эмес фонддун объекттери" деген V бөлүмү төмөнкү

мазмундагы 37 жана 38-пункттар менен толукталсын.

"------------------------------------------------------------------

| 37 | Ош шаардык архиви | Абдыкадыров | \- | \- |
| --- | --- | --- | --- | --- |
|  |  | көчөсү |  |  |
| 38 | В.И.Лениндин эстелигинин алдындагы | Ленин | \- | \- |
|  | трибуналык жайлар | көчөсү |  |  |

------------------------------------------------------------------".

5. "Спорт объекттери" деген VI бөлүмү төмөнкү мазмундагы 6-пункт

менен толукталсын:

"------------------------------------------------------------------

| 5 | "Алтын балык" балдар бассейни | \- | \- |
| --- | --- | --- | --- |

Премьер-министр Ф.Кулов
