# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-майындагы № 395 " 2006-2010-жылдарга Майыптарды мамлекеттик колдоонун комплекстүү чараларын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-майындагы № 395 " 2006-2010-жылдарга Майыптарды мамлекеттик колдоонун комплекстүү чараларын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 395
- Кабыл алынган күнү: 31.05.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57495>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11467/edition/1140696/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57495.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-майындагы № 395 " 2006-2010-жылдарга Майыптарды мамлекеттик колдоонун комплекстүү чараларын бекитүү жөнүндө" токтому (14.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57495

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 31-майы № 395

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2006-2010-жылдарга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды мамлекеттик колдоонун комплекстүү чараларын бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы N 795,2011-жылдын 27-октябрындагы №687 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды интеграциялоо жана реабилитациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген 2006-2010-жылдарга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү

адамдарды мамлекеттик колдоонун комплекстүү чаралары (мындан ары Чаралар комплекси) бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомст-

волор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдын- ча башкаруу органдары:

- Чаралар комплексин аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;

- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине Чаралар комплексин ишке ашыруу боюнча маалымат берип турушсун.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы N 795 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу

мамлекеттик агенттиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына Чаралар комплек- син ишке ашыруу боюнча жалпыланган маалымат берип турсун.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы N 795 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын социалдык камсыз кылуу, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн. КР Окмотунун 2011-жылдын 27-октябрындагы №687 токтомунун редакциясына ылайык)

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-майындагы № 395 токтому менен бекитилген

2006-2010-жылдарга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды мамлекеттик колдоонун ЧАРАЛАР КОМПЛЕКСИ (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы №795,2011-жылдын 27-октябрындагы №687 токтомудорунун редакцияларына ылайык)

| N п/п | Иш-чаралардын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар |
| --- | --- | --- | --- |
| Биринчи кезектеги милдеттер |  |  |  |
| 1. | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар социалдык жактан коргоо бөлүгүндө мыйзам чыгаруу базаларын өркүндөтүү |  |  |
| 1.1. | Кыргыз Республикасынын "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кепил- диктери жөнүндө" Мыйзамын кабыл алуу | 2006-жыл | Соцмин, Адилетмин, Финмин, майыптардын өкмөттүк эмес уюмдары (ма- кулдашуу боюнча) |
| 1.2. 1.3. | Төмөнкүлөргө өзгөртүүлөрдү жана толук- тоолорду киргизүү: а) оорунун түрүнө жана формасына кара- бастан энергия булактарынын жана турак-жай коммуналдык кызматтарынын не- гизги түрлөрүнө төлөөдө майыптарды бир- дей жеңилдиктер менен камсыз кылуу, ошондой эле оорулардын негизги түрлөрү боюнча бекер дарылар жана медикаментоз- дор менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечим- дерине; б) Кыргыз Республикасынын Администрация- лык жоопкерчилик жөнүндө кодексине - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын түзүү жана квоталаштыруу боюнча ченемдерди сактабагандыгы үчүн; - эмгектик мертинүүнүн натыйжасында кийин майыптык алган адамдарды жумушка орноштурууда иш берүүчүнүн милдеттеринин бузулгандыгы үчүн; - инфраструктура объектилерине ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын киришиүчүн шарттарды түзбөгөндүгү үчүн; - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын жол жүрүшү үчүн транспорт- тук каражаттардын ылайыкталбагандыгы үчүн; - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды реабилитациялоо жана инте- грациялоо жекече программаларын аткаруу боюнча милдеттердин бузулгандыгы үчүн; - кайра уюштуруу, жоюу жана банкрот бол- гон учурда мамлекеттик пенсиялык камсыз- дандыруу боюнча пенсияларды төлөөгө ка- питалдаштыруу жана зыяндардын ордун тол- туруу боюнча компенсацияларды иш берүү- чүнүн, атайын администратордун милдетте- рин бузгандыгы үчүн; в) мамлекеттик бийлик органдарынын, жер- гиликтүү өз алдынча башкаруу органдары- нын кызматтык адамдарынын жана менчиги- нин түрүнө карабастан уюмдардын, ошондой эле жарандардын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды басмырлагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине; г) мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда- рына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, жергиликтүү кеңештер), шайлоо учурунда саясий уюмдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга бирикмелерине квоталарды берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жөнүндө кодексине; Салык жеңилдиктерин киргизүү маселелерин иштеп чыгуу: - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга ар кандай формада жардам көрсөтүүчү ишкердик субъекттерине (жу- мушка орноштуруу, кайрымдуулук жардам- дарды берүү, турак-жайга квота берүү); - салык салуудан бошотуу боюнча штаттагы кызматкерлердин 50%дан кем эмес ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдары бар менчигинин ар кандай түрүндөгү уюмдарга; - пайдага; - акциздик жана жер салыгына; - автомобиль жолдорун колдонгондугу үчүн; - жеке жактардын кыймылсыз мүлктөрүнө салынуучу жеке киреше салыгына; - колдонулбаган өндүрүштүк жана соода-тиричилик аянтына же алардын бөлүгүнө салынуучу салыктарга; - жергиликтүү салыктарга жана жыйымдарга; е) Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине: - бажы алымдарын жана жыйымдарды төлөөдө жеңилдиктерди берүү ж) Кыргыз Республикасынын "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн каражаттарды чегерүү"; - өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн каражаттарды чегерүү боюнча | 2006-жыл 2006-жыл 2006-жыл 2006-жыл 2006-жыл 2006-жыл | Соцмин, Финмин Соцмин, майыптардын өкмөттүк эмес уюмдары (ма- кулдашуу боюнча) Соцмин, майыптардын өкмөттүк эмес уюмдары (ма- кулдашуу боюнча) Соцмин, Финмин, өкмөттүк эмес уюмдары (ма- кулдашуу боюнча) Соцмин, Финмин, өкмөттүк эмес уюмдары (ма- кулдашуу боюнча) |
| 2. | Коомдогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга стратегияны иштеп чыгуу; - бирдиктүү мамлекеттик стратегияны иштеп чыгуу; - калк арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын маселелерин кеңири пропагандалоо (ЖМК, телекөрсөтүүдө атайын программаларды түзүү); - жаш муундар менен идеологиялык иштерди жүргүзүү (мектептин, кесиптик лицейлер- дин окуучулары, орто окуу жайларынын жана жогорку окуу жайларынын студент- тери). | 2006-жыл | Билим берүү- мин, Эмгек- соцмин, Сала- маттык сак- тоомин Билим берүү- мин, Эмгек- соцмин, МТРК Билим берүү- мин, Соцмин |
| 3. | Республикадагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын толук маалыматтар базасын түзүү | 2006-жыл | Соцмин, Саламаттык сактоомин |
| 4. | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын саламаттык сактоо кызматта- рына жетишин камсыз кылуу: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы N 46 "Кыргыз Республикасынын жарандарын 2006-жылы ме- дициналык-социалдык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарын меди- цина-социалдык менен камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды бекер медициналык тейлөө; - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн медициналык жардамдардын жогорку технологиялык түрлөрүнө квота- ларды белгилөө. | 2006- 2010- жылдар | Соцмин, Саламаттык сактоомин |
| 5. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-августундагы N 583 "2004- 2007-жылдарга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды интеграциялоо жана реабилитациялоо мамлекеттик базалык программасын жана 2004-2007-жылдарга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды интеграциялоо жана реабилита- циялоо мамлекеттик базалык программасын аткаруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык 2004-2007-жыл- дарга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды интеграциялоо жана реабилитациялоо мамлекеттик базалык программасын сөзсүз түрдө аткаруу | 2006- 2007- жылдар | Кыргыз Рес- публикасынын министрликте- ри, ведом- стволору жана уюмдары |
| 6. | Менчик турак-жайлары жок ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды камсыздоо: - ар кандай менчиктин түрлөрүндөгү турак-жайларды курууда жана эксплуата- цияга берүүдө квартираларды бөлүштүрүүгө квота менен; - жеңилдиктүү шарттарда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды үчүн ипотекалык кредиттөөнү киргизүү | 2006- 2010- жылдар | Бишкек шаа- рынын жана Ош шаарынын мэриялары, жергиликтүү мамлекеттик администра- циялар, иш- кердик су- бъектилери (макулдашуу боюнча) |
| 7. | Бюджеттик уюмдар үчүн продукцияларга Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканаларын мамлекеттик заказ менен кам- сыз кылуу | 2006- 2010- жылдар | Соцмин, Билим берүү- мин, Саламаттык сактоомин, Коргоомин |
| 8. | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды маалыматтар менен камсыз кылуу: - мыйзамдык базалар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга социал- дык психологиялык, педагогикалык жана медициналык реабилитация көрсөтүү масе- лелери боюнча ар жылдык маалымдама-ин- формациялык материалдарды чыгаруу (бук- лет, маалыматтык баракчалар, жыйнактар) | 2007- 2010- жылдар | Соцмин, Адилетмин, Финмин |
| 9. | Медициналык көрсөтмөлөргө ылайык сана- тордук-курорттук дарыланууга төмөнкүдөй жеңилдиктери бар жолдомо менен беш жылда бир жолу камсыз кылуу: 1-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга 100% (бекер); 2-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга - 50%; 3-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга - 30% республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат | 2006- 2010- жылдар | Соцмин, Финмин |
| Орто мөөнөттүү милдетте |  |  |  |
| 1. | Бишкек шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды реабилитациялоо жана интеграциялоо максатында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды интеграциялоо жана маалымдоо республикалык борбордун түзүү, ал төмөнкүлөрдү карайт: - Интернет-клубун ачууну (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды компьютердик сабаттуулукка жана тармактык сүйлөшүүлөргө окутуу үчүн); - чет тилдерин окутууну; - азиздер үчүн атайын китепкананы; - таанышуу клубдарын (үй-бүлө куруу максатында); - фонотеканы (азиздиги боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн) | 2007- 2008- жылдар | Соцмин, Бишкек шаа- рынын мэриясы, эл аралык донор уюмдары, иш- кердин субъектилери (макулдашуу боюнча) |
| 2. | Инфраструктура объектилерине ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын кирүүсүн камсыз кылуу: - республиканын аймагындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды жаңы курулуп жаткан социалдык-тиричиликтик жана маданият багытындагы объектилерди эксплуатацияга кабыл алуу боюнча комиссиянын курамына киргизүү; - имараттарды жана курулмаларды долбоор- лоо, куруу жана реконструкциялоо учурун- да ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын керектөөлөрүнүн жана мук- таждыктарын эске алуу менен контролдоону катуулатуу; - Кыргыз Республикасынын 35-01-99 курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын жана калктын аз мо- билдүү тобунун талаптарын эске алуу ме- нен жашоо-тиричилик чөйрөсүн долбоорлоо" ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн кирүү жолдору (пандустар) менен бардык жерде мамлекеттик түзүмдөгү имараттарды жабдуу (министирликтерди, ведомстволорду, мэрияларды, мамлекеттик администрацияларды, бейтапканаларды, ооруканаларды); - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды республиканын борборунда жана аймактарында алардын эч кандай тос- коолдуксуз кириши үчүн атайын жабдыктар менен жабдылган маршруттук таксилер менен камсыз кылуу | 2006-жыл Дайыма 2006- 2007- жылдар 2006- 2007- | Архитектура жана курулуш боюнча мам- агенттик, Бишкек ш. Ош ш. мэрия- лары, жерги- мамлекеттик администра- циялар Архитектура жана курулуш боюнча мам- агенттик Архитектура жана курулуш боюнча мам- агенттик, Бишкек ш. Ош ш. мерия- лары, жерги- ликтүү мам- лекеттик администра- циялар Транскоммун- мин |
| 3. | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын орто жана жогорку билим алууга жетишин камсыз кылуу: - жакыр үй-бүлөлөрдөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн - жалпы билим берүү мектептеринде, эксклюзивдик билим берүү (үйдөн), орто - кесиптик мекемелерде, балдар музыкалык мектептеринде, ийримдерде, спорт секция- ларында жана изостудияларда акысыз билим берүү; - жакыр үй-бүлөлөрдөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн - ЖОЖго тапшырууда бюджеттик бөлүм- дөргө квоталарды бекитүү, ошондой эле бюджеттен тышкаркы бөлүмдөргө жеңилдик- терди берүү; - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар окуган жалпы билим берүүчү мектептерди, атайын орто билим берүүчү орто окуу жайларын, ЖОЖдорду бардык зарыл жабдыктар (тепкичтер, кармагычтар, атайын сантехникалык жабдуулар) менен жабдуу; - көзү жакшы көрбөгөн жана көрбөгөн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн адистештирилген адабият- тарды (окуу, усулдук китептерди жана көркөм адабияттарды) чыгарууну камсыз кылуу; - угууга жана көрүүгө байланышкан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн айрым программалардын сурдоло- гиялык котормолорун, телеберүүлөрдү суб- титрлөөнү камсыз кылуу | Дайыма 2007- 2010- жылдар 2007-жыл 2007- 2010- жылдар 2006- 2010- жылдар | Билим берүү- мин, Соцмин, Финмин, Билим берүүмин Билим берүүмин Билим берүү- мин, "Акыл" мамконцерни, Кыргыз азиз- дер жана дү- лөйлөр коо- мунун бор- бордук баш- кармалыгы (макулдашуу боюнча) МТРК, Финмин |
| 4. | Соңку технологиялар боюнча медициналык корутундусу болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды алга жылуучу жекече каражаттар менен камсыз кылуу (бөлмөлүк жана сейилдөөчү кресло-коляскалар менен) | 2006- 2010- жылдар | Соцмин, Финмин |
| 5. | Өкмөттүк эмес уюмдардан реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жана юридикалык жардамдарды көрсөтүү боюнча социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу: - "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын иштеп жана жылдыруу; - өкмөттүк эмес уюмдардан социалдык кыз- ат көрсөтүүлөрдү алуу механизмин иштеп чыгуу | 2006-жыл 2006-жыл | Соцмин, Финмин Соцмин, Финмин |
| 6. | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын медицина-социалдык реабили- тациялоонун республикалык борборун түзүү, ал төмөнкүлөрдү камтыйт: - стационардык шартта жалпы чыңдоочу те- терапевтикалык жардам көрсөтүү; - ооруунун же мертинүүнүн түрүнө кара- бастан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды реабилитациялоонун жекече программасын иштеп чыгуу; - реабилитациялык тейлөөлөрдүн (социал- дык, психологиялык жана эмгектик) толук комплексин көрсөтүү; - үй-бүлөнү пландаштыруу саясаты боюнча уюштуруу иш-чараларын жүргүзүү; - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды өзүн-өзү тейлөөгө, багыттоого жана атайын жабдыктарды колдонгонго үйрөтүү | 2007- 2008- жылдар | Соцмин, Финмин, Бишкек шаары- нын мэриясы |
| 7. | Республикада майыптардын спортун өнүктүрүү: - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар арасында сергек жашоо мүнөзүн; - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн акысыз негизде спорт клубдарын түзүү; - республикада спорттук иш-чараларды өткөрүү; - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын параолимпиадалык оюндарга катышуусу | 2007- 2008- жылдар | Дене тарбия жана спорт боюнча мам- агенттик, Бишкек шаары- нын мэриясы- нын муници- палдык мүлктү башкаруу боюнча коми- тети, жерги- ликтүү мам- администра- циялар, жер- гиликтүү өз алдынча баш- каруу орган- дары, Кыргыз Республикасы- нын Улуттук олимпия коми- тети (макул- дашуу боюнча) |
| Узак мөөнөттүү милдетте |  |  |  |
| 1. | Республиканын аймактарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн мамлекеттик реабилитациялык борборлорду түзүү | 2008- 2010- жылдар | Жергиликтүү мамлекеттик администра- циялар, жер- гиликтүү өз алдынча баш- каруу орган- дары, Соцмин, Саламаттык сактоомин |
| 2. | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын маселелери менен иштеген өкмөттүк эмес уюмдардын эл аралык тармагын түзүү | 2008-жыл | Өкмөттүк эмес уюмдар, эл аралык донор уюмда- ры (макулда- шуу боюнча), Соцмин |
| 3. | Жалгыз бой аз камсыз болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн адистештирилген турак үйлөрдү куруу (Социалдык үй) | 2008- 2010- жылдар | Финмин, Соцмин, Бишкек шаа- рынын мэриясы |
