# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-майындагы № 390 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин жогорку окуу жайларынын окуу-илимий-өндүрүштүк комплекстеринин курамына кирүүчү кесиптик орто окуу жайларын Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-майындагы № 390 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин жогорку окуу жайларынын окуу-илимий-өндүрүштүк комплекстеринин курамына кирүүчү кесиптик орто окуу жайларын Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 390
- Кабыл алынган күнү: 31.05.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.05.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57490>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11463/edition/326420/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57490.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-майындагы № 390 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин жогорку окуу жайларынын окуу-илимий-өндүрүштүк комплекстеринин курамына кирүүчү кесиптик орто окуу жайларын Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (31.05.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57490

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 31-майы № 390

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар

саясаты министрлигинин жогорку окуу жайларынын

окуу-илимий-өндүрүштүк комплекстеринин курамына кирүүчү

кесиптик орто окуу жайларын Кыргыз Республикасынын Билим

берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына

өткөрүп берүү жөнүндө

Билим берүү системасын реформалоону андан ары терењдетүү жана орто

звенонун адистерин даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты

министрлигинин жогорку окуу жайларынын окуу-илимий-өндүрүштүк комплекс-

теринин курамына кирүүчү кесиптик орто окуу жайлары Кыргыз Республика-

сынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына

өткөрүп берилсин.

2. "И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университе-

тин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин атка-

руучунун 2005-жылдын 3-майындагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы № 326 токтомуна

төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттун экинчи абзацындагы ", техникалык техникум" деген

сөздөр алып салынсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Бишкек техникалык техникумун Кыргыз тоо-кен металлургиялык инс-

титутунун курамына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 1996-жылдын 18-декабрындагы № 603 токтому;

- "К.Тыныстанов атындагы Ысыккөл мамлекеттик университети"

окуу-илимий-өндүрүштүк комплексин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-ноябрындагы № 704 токтому;

- "Ош курулуш жана Ош соода колледждерин жана У.Салиева атындагы

мектеп-лицейди Ош технологиялык университетинин окуу-илимий-өндүрүштүк

комплексине бириктирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2004-жылдын 19-мартындагы № 185 токтому.

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты

министрлиги:

- эки айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу маселе-

лерин чечсин;

- кесиптик орто окуу жайларын каржылоону республикалык бюджетте

каралган каражаттардын чектеринде ишке ашырсын,

- "Талас мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Президентинин 2000-жылдын 25-июлундагы Жарлыгына өзгөртүү кир-

гизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоо-

рун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-

кармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
