Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустары боюнча 2006-жылга иммиграциялык квотаны аныктоо тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 июня 2022 года № 335 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 30-майындагы № 388
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары
жана облустары боюнча 2006-жылга иммиграциялык
квотаны аныктоо тууралуу
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустары
боюнча 2006-жылга Кыргыз Республикасына иммиграцияга чет өлкөлүк жаран-
дардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын тактоочу иммиграциялык квота тиркемеге ылайык аныкталсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамле-
кеттик комитетинин төрагасы ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү
болуп дайындалсын.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 30-майындагы № 388
токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана
облустары боюнча 2006-жылга Кыргыз Республикасына
иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок
адамдардын чектик санын тактоочу иммиграциялык квота
_______________________________________________________________________
| Региондун аталышы | саны (адам) |
| Бишкек | 320 |
| Ош | 450 |
| Баткен облусу | 500 |
| Жалалабат облусу | 1200 |
| Ысыккөл облусу | 12 |
| Нарын облусу | 50 |
| Ош облусу | 1250 |
| Талас облусу | 100 |
| Чүй облусу | 245 |
| Кыргыз Республикасы | 4127 |
Премьер-министрдин
Аппарат жетекчиси-министр Т.Коеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335