# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-майындагы № 386 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 610 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-майындагы № 386 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 610 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 386
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.04.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57486>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11459/edition/326414/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57486.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-майындагы № 386 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 610 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (12.04.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57486

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 12-апрелиндеги № 118 токтомунун

негизинде күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 29-майындагы № 386

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо

министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 610 токтомуна өзгөртүү

жана толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын

мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" 2006-жылдын 7-

февралындагы № 49 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо

министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 23-декабрындагы № 610 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана

толуктоо киргизилсин:

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо

министрлигинин социалдык төлөмдөр боюнча Ош облустук борборунан бөлүү

аркылуу социалдык төлөмдөр боюнча Баткен облустук борбору түзүлсүн.»;

-көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек

жана социалдык жактан коргоо министрлигинин башкаруу схемасында:

"Эмгек, социалдык коргоо жана баштапкы кесиптик билим берүүнүн

аймактык бөлүмдөрү" деген сөздөр "Эмгек, социалдык коргоо жана

баштапкы кесиптик билим берүүнүн аймактык башкармалыктары" деген

сөздер менен алмаштырылсын.

Премьер-министр Ф.Кулов
