# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы № 374 "Диагностикалык изилдөөлөр, профилактикалык эмдөөлөр жана жок кылуу боюнча иш-чаралар республикалык бюджеттин каражаттарынан каржыланчу ыландардын тизмеснн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы № 374 "Диагностикалык изилдөөлөр, профилактикалык эмдөөлөр жана жок кылуу боюнча иш-чаралар республикалык бюджеттин каражаттарынан каржыланчу ыландардын тизмеснн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 374
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57468>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11448/edition/326386/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57468.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы № 374 "Диагностикалык изилдөөлөр, профилактикалык эмдөөлөр жана жок кылуу боюнча иш-чаралар республикалык бюджеттин каражаттарынан каржыланчу ыландардын тизмеснн бекитүү жөнүндө" токтому (28.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57468

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 536 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 23-майындагы № 374

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Диагностикалык изилдөөлөр, профилактикалык эмдөөлөр жана жок

кылуу боюнча иш-чаралар республикалык бюджеттин каражаттарынан

каржыланчу ыландардын тизмеснн бекитүү жөнүндө

"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42 жана 47-

статьяларына ылайык, жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жугуштуу

ылањдарынын, анын ичинде адамдардын ден соолугуна коркунуч туудурган

оорулардын чыгышын жана таралышын болтурбоо максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Диагностикалык изилдөөлөр, профилактикалык эмдөөлөр жана жок

кылуу боюнча иш-чаралар республикалык бюджеттин каражаттарынан

каржыланчу жаныбарлардын ылањдарынын тиркелген тизмеси (мындан ары -

Тизме) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү

өнөр жай министрлиги:

- республикада бейпил эпизоотиялык абалды камсыздасын;

- республикада эпизоотиялык бейпил абалды сактоо боюнча иш-

чараларга байланышкан чыгымдарга бюджеттик каражаттарды артыкчылыктуу

тартипте жумшасын;

- Тизмеде көрсөтүлгөн ылањдарды диагностикалык изилдөө жана алдын

алуу үчүн ветеринардык препараттарды сатып алууга каражат бөлсүн жана

анын сарамжалдуу пайдаланылышын катуу контролдосун.

3. Кыргыз Республикасынын аймагына жаныбарлардын Тизмеге

киргизилбеген өзгөчө жугуштуу ыландары киришине реалдуу коркунуч пайда

болгон учурда же алар аныкталганда Тизмеге белгиленген тартипте

тийиштүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилери белгиленсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра

иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
