# Программа "Депозит врача" (утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 23 мая 2006 года № 373)

- Актынын түрү: Программа
- Номери: 373
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.06.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57467>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/53-207/edition/326384/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57467.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Программа "Депозит врача" (утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 23 мая 2006 года № 373) (21.06.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57467

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 23-майындагы № 373

токтому менен бекитилген

"Врачтын депозити"

ПРОГРАММАСЫ

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 21-июнундагы № 240 токтомунун

редакциясына ылайык)

1. "Врачтын депозити" программасы (мындан ары - Программа) "Врач-

тын депозити" программасы боюнча келишим түзүү укугуна конкурстан өткөн

врачтарды, ошондой эле жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын

бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарында бекитүүнүн

укуктук жана уюштуруу негиздерин аныктайт.

2. Бул Программанын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- алыскы райондордо жана кичи шаарларда жайгашкан саламаттыкты

сактоо уюмдарын врачтар менен комплекттөө;

- алыскы райондордо жана кичи шаарларда врачтарды бекитүү үчүн за-

рыл социалдык-турмуш-тиричилик шарттарын түзүү.

3. Бул Программа төмөнкүлөрдү карайт:

- "Врачтын депозити" программасы боюнча конкурстан өткөн жана бе-

китилген формага ылайык келишим түзгөн врачтын атына депозиттик эсепти

ачууну;

- врачтарга зарыл финансылык жана социалдык колдоо көрсөтүүнү.

4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Программа-

ны турмушка ашыруу механизмин иштеп чыгат, Программа боюнча врачтарды

топтоо жөнүндө конкурсту жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.

Конкурстук комиссия Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-

нистрлигинин буйругу менен түзүлөт.

5. Конкурска төмөнкүлөр катыша алат:

- соњку 5 жылдын ичинде квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөн

45 жашка чейинки курактагы врачтар;

- жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын тиешелүү аттестация-

лоодон жана мамлекеттик каттоодон өткөн бүтүрүүчүлөрү;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аныктоочу

Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунун жана чакан шаарларынын сала-

маттык сактоо уюмдарында иштөөчү врачтар.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы N 240

токтомунун редакциясына ылайык)

6. Конкурска катышуу үчүн врачтар төмөнкүдөй документтерди берет:

- арызды (эркин формада);

- резюмени;

- жогорку медициналык билим жөнүндө дипломдун көчүрмөсүн;

- дипломдон кийинки билим жөнүндө сертификатты;

- квалификацияны (соњку 5 жылдын ичинде) жогорулатуу жөнүндө

күбөлүктү;

- эмгек китепчесинин көчүрмөсүн;

- фотосүрөттү (3x4) - 2 даана.

7. Программа боюнча ишмердикти жүзөгө ашыруучу врачтардын санын

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аныктайт.

8. Врачтын депозиттик эсеби "Эсептешүү-сактык компаниясы" ачык

типтеги акционердик коомунун филиалдарында Кыргыз Республикасынын Сала-

маттык сактоо министрлиги тарабынан ачылат (мөөнөттүү, проценттик). Бул

эсепке Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 3 жыл бою

ай сайын 3000 (үч мињ) сомдон акча которуп турат, мында Кыргыз Респуб-

ликасынын Саламаттык сактоо министрлиги Программага катышкан врачтын

акча каражаттарын төлөө жөнүндө чечим кабыл алган жана жазуу жүзүндөгү

тиешелүү билдирүүнү алган күнү киреше алган булактан салык кармалат.

Салыкты кармоо механизмин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгилейт.

9. Келишимдин негизинде врач иштеп жаткан саламаттыкты сактоо уюму

анын иши жөнүндө жарым жыл сайын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сак-

тоо министрлигине маалымдап турат.

10. Врач иштин биринчи жылы аяктагандан кийин саламаттыкты сактоо

уюмунун жетекчисинин жазуу жүзүндөгү ырастоосунун негизинде жылдык сум-

манын (18000 сом) 50 %ин алууга укуктуу. Андан кийин, ар бир жарым жыл-

да, врач иштеп берген мезгил үчүн саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчи-

синин жазуу жүзүндөгү ырастоосунун негизинде 18000 сом алууга укуктуу.

Врач иштин биринчи жылынын жылдык суммасынын (18000 сом) калган 50 %ин

алардын проценттери менен бирдикте келишимдин колдонулушунун мөөнөтү

аяктагандан кийин гана ала алат.

11. "Врачтын депозити" программасына катышуу үчүн конкурстан өткөн

жана жүйөөлүү себептерден улам (контрактыга кол койгонго чейин, ошондой

эле андан кийин) ишке киришпеген врачтар белгиленген тартипте Кыргыз

Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин уруксаты менен башка

айыл жериндеги ушундай эле саламаттыкты сактоо уюмуна жањы бөлүнүү алу-

уга жана долбоорго катышууну улантууга укуктуу.

12. Эгерде врач саламаттыкты сактоо уюмунда келишимге ылайык толук

3 жыл иштеп бербесе, анын депозиттик эсебинде топтолгон акча каражатта-

ры Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өздүк эсеби-

не кайра кайтарылат.

13. Программаны каржылоо республикалык бюджеттин Кыргыз Республи-

касынын Саламаттыкты сактоо министрлиги үчүн каралган каражаттарынын

жана эларалык донор уюмдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
