# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы №372 "Евразиялык экономикалык шериктештикке мүчө мамлекеттердин отун-энергетикалык балансын биргелешип иштеп чыгуу жөнүндө Евразиялык экономикалык шериктештиктин Мамлекеттер аралык кеңешинин (өкмөт башчыларынын деңгээлинде) 2005-жылдын 27-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Макулдашуусун бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы №372 "Евразиялык экономикалык шериктештикке мүчө мамлекеттердин отун-энергетикалык балансын биргелешип иштеп чыгуу жөнүндө Евразиялык экономикалык шериктештиктин Мамлекеттер аралык кеңешинин (өкмөт башчыларынын деңгээлинде) 2005-жылдын 27-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Макулдашуусун бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 372
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57465>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11446/edition/326382/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57465.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы №372 "Евразиялык экономикалык шериктештикке мүчө мамлекеттердин отун-энергетикалык балансын биргелешип иштеп чыгуу жөнүндө Евразиялык экономикалык шериктештиктин Мамлекеттер аралык кеңешинин (өкмөт башчыларынын деңгээлинде) 2005-жылдын 27-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Макулдашуусун бекитүү тууралуу" токтому (23.05.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57465

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 23-майы №372

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Евразиялык экономикалык шериктештикке мүчө мамлекеттердин

отун-энергетикалык балансын биргелешип иштеп чыгуу

жөнүндө Евразиялык экономикалык шериктештиктин

Мамлекеттер аралык кењешинин (өкмөт башчыларынын

дењгээлинде) 2005-жылдын 27-сентябрында

Дүйшөмбү шаарында кол коюлган

Макулдашуусун бекитүү тууралуу

Евразиялык экономикалык шериктештикке мүчө мамлекеттердин

отун-энергетикалык балансын биргелешип иштеп чыгуу жөнүндө Евразиялык

экономикалык шериктештиктин Мамлекеттер аралык кењешинин 2005-жылдын

27-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Макулдашуусунун 10-стать-

ясына ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз

Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Евразиялык экономикалык шериктештикке мүчө мамлекеттердин

отун-энергетикалык балансын биргелешип иштеп чыгуу жөнүндө 2005-жылдын

27-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган тиркелген Макулдашуу беки-

тилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул Макулдашуу-

нун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыр-

гыз Республикасынын аткаргандыгы тууралуу ЕврАзЭСтин Интеграциялык ко-

митетине билдирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине отчеттук

жыл ичинде улуттук отун-энергетикалык балансты жана Кыргыз Республика-

сынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча

улуттук агенттигине берүү үчүн зарыл болгон уюштуруу-укуктук методоло-

гиялык иш-чаралардын комплексин жыл сайын иштеп чыгууну камсыз кылуу

сунушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаш-

тыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигине учурдагы жана болжолдонгон

жылдарга улуттук отун-энергетикалык балансты иштеп чыгууну жогоруда

көрсөтүлгөн Макулдашууга карата 2-тиркемеде аныкталган форма боюнча иш-

ке ашыруу сунуш кылынсын.

5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык

ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жерги-

ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери мамлекеттик статис-

тика органдарына жана Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат

жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигине отчеттук жыл,

ошондой эле учурдагы жана болжолдонгон жылдарга улуттук отун-энергети-

калык балансты иштеп чыгуу үчүн маалыматтарды жыйноо боюнча уюштуруу

иш-чараларын даярдоодо жана өткөрүүдө ар тараптан көмөк көрсөтүшсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып

алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
