Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Евразиялык экономикалык шериктештикке мүчө мамлекеттердин отун-энергетикалык балансын биргелешип иштеп чыгуу жөнүндө Евразиялык экономикалык шериктештиктин Мамлекеттер аралык кеңешинин (өкмөт башчыларынын деңгээлинде) 2005-жылдын 27-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Макулдашуусун бекитүү тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 23-майы №372
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Евразиялык экономикалык шериктештикке мүчө мамлекеттердин
отун-энергетикалык балансын биргелешип иштеп чыгуу
жөнүндө Евразиялык экономикалык шериктештиктин
Мамлекеттер аралык кењешинин (өкмөт башчыларынын
дењгээлинде) 2005-жылдын 27-сентябрында
Дүйшөмбү шаарында кол коюлган
Макулдашуусун бекитүү тууралуу
Евразиялык экономикалык шериктештикке мүчө мамлекеттердин
отун-энергетикалык балансын биргелешип иштеп чыгуу жөнүндө Евразиялык
экономикалык шериктештиктин Мамлекеттер аралык кењешинин 2005-жылдын
27-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Макулдашуусунун 10-стать-
ясына ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз
Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Евразиялык экономикалык шериктештикке мүчө мамлекеттердин
отун-энергетикалык балансын биргелешип иштеп чыгуу жөнүндө 2005-жылдын
27-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган тиркелген Макулдашуу беки-
тилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул Макулдашуу-
нун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыр-
гыз Республикасынын аткаргандыгы тууралуу ЕврАзЭСтин Интеграциялык ко-
митетине билдирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине отчеттук
жыл ичинде улуттук отун-энергетикалык балансты жана Кыргыз Республика-
сынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча
улуттук агенттигине берүү үчүн зарыл болгон уюштуруу-укуктук методоло-
гиялык иш-чаралардын комплексин жыл сайын иштеп чыгууну камсыз кылуу
сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаш-
тыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигине учурдагы жана болжолдонгон
жылдарга улуттук отун-энергетикалык балансты иштеп чыгууну жогоруда
көрсөтүлгөн Макулдашууга карата 2-тиркемеде аныкталган форма боюнча иш-
ке ашыруу сунуш кылынсын.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жерги-
ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери мамлекеттик статис-
тика органдарына жана Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат
жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигине отчеттук жыл,
ошондой эле учурдагы жана болжолдонгон жылдарга улуттук отун-энергети-
калык балансты иштеп чыгуу үчүн маалыматтарды жыйноо боюнча уюштуруу
иш-чараларын даярдоодо жана өткөрүүдө ар тараптан көмөк көрсөтүшсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып
алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 4-июлундагы № 364 "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну…Постановление · 04.07.2008 · № 364 · Күчүн жоготкон