# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-майындагы № 369 "2006-2010-жылдарга "Иммунопрофилактика" улуттук программасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-майындагы № 369 "2006-2010-жылдарга "Иммунопрофилактика" улуттук программасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 369
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.02.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57460>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11443/edition/422292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57460.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-майындагы № 369 "2006-2010-жылдарга "Иммунопрофилактика" улуттук программасы жөнүндө" токтому (01.02.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57460

---

КР Өкмөтүнүн

2013-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 22-майындагы № 369

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2006-2010-жылдарга "Иммунопрофилактика"

улуттук программасы жөнүндө

"Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Респуб-

ликасынын Мыйзамын ишке ашыруу, ошондой эле элдин, биринчи кезекте бал-

дардын алдын алуучу эмдөөлөр менен камтылышын жогорку дењгээлде кармап

туруу максатында, вакцина менен тескөөгө болуучу ооруларга чалдыгууну

андан аркы азайтууну камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-

том кылат:

1. Тиркелген: 2006-2010-жылдарга "Иммунопрофилактика" улуттук

программасы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

2006-2010-жылдарга "Иммунопрофилактика" улуттук программасын ишке ашы-

рууну камсыздасын.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги вак-

цина препараттарды өз убагында сатып алуу жана Профилактикалык

эмдөөлөрдүн улуттук календарына киргизилген акысыз алдын алуучу

эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын

Саламаттык сактоо министрлигин бюджеттик каржылоонун чегинде өз убагын-

да бөлүүнү камсыздасын.

4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаар-

ларынын мэриялары 2006-2010-жылдарга "Иммунопрофилактика" улуттук прог-

раммасын ишке ашырууга ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүшсүн.

5. Күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 16-майындагы № 328

"Иммунопрофилактика" улуттук программасы жөнүндө" токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-сентябрындагы № 517

"2001-2005-жылдарга "Иммунопрофилактика" улуттук программасы жөнүндө"

токтому.

6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Са-

ламаттык сактоо министрлигине тапшырылсын.

Премьер-министр Ф.Кулов
