Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДЫН ПРОФСОЮЗДАР ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН «2006-жылы балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө» ТОКТОМУ
Бишкек шаары
2006-жылдын 17-майы № 363/7-1г
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДЫН ПРОФСОЮЗДАР
ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2006-жылы балдардын жана өспүрүмдөрдүн
жайкы эс алуусун уюштуруу
боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргызстандын Профсоюздар феде-
рациясынын кењеши 2005-жылы балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуу-
сун уюштуруу боюнча бир топ иштер жүргүзүлгөнүн белгилешет. 12 мињден
ашык бала жана өспүрүмдөр балдардын ден соолугун чыњдоочу борборлордо
акысыз жана жењилдетилген жолдомолор боюнча эс алышты. Көп балалуу
үй-бүлөлөрдөгү балдар, жетим балдар, майып балдар жана тарбиялоонун
өзгөчө түрүнө муктаж балдар жайкы мезгилде ден соолугун чыњдашы үчүн
2005-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бөлгөн 6,1 млн. сом толугу ме-
нен өздөштүрүлгөн. Республиканын шаарларынын, облустары менен райондо-
рунун жергиликтүү бюджеттеринин эсебинен мектептердин алдындагы лагер-
лерде, эс алуу борборлорунда, ден соолукту чыњдоочу аянттарда балдардын
эс алуусу уюштурулган. 2005-жылы жайкы эс алуунун жана ден соолукту
чыњдоонун ар кандай түрүнө бардыгы болуп 300 мињден ашуун балдар жана
өспүрүмдөр камтылган.
Ошону менен бирге эле, жайкы мезгилде балдардын ден соолугун
чыњдоочу борборлордун колдонуудагы базасы толук дењгээлде пайдаланылбай
жатат, аларды каржылоо үчүн колдо болгон резервдер жана мүмкүнчүлүктөр
тартылбай, балдардын ден соолугун чыњдоого аларды көбүрөөк камтуу боюн-
ча жетиштүү чаралар көрүлбөй жатат.
2006-жылы балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусу боюнча
иш-чараларды уюшкандыкта өткөрүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин
"Кыргыз Республикасында балдардын абалын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис
чаралар жөнүндө" 2006-жылдын 20-январындагы № 24 Жарлыгынан келип чык-
кан милдеттерди ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыр-
гызстан профсоюздар федерациясынын жана жумуш берүүчүлөрдүн республика-
лык бирикмесинин ортосундагы Башкы макулдашуунун балдарды социалдык
жактан коргоону күчөтүү, эс алуусун уюштуруу жана ден соолугун чыњдоо
бөлүгүн аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргызс-
тан профсоюздар федерациясы кењеши токтом кылышат:
1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдын-
ча башкаруу органдары, профсоюз органдарынын жетекчилери:
- жайкы мезгилде балдарды уюшкан эс алууга болушунча көбүрөөк тар-
туу үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандарынын, коомдук уюмдардын күч-аракеттерин бириктиришсин;
- үч тараптуу макулдашууларда жана түзүлчү жамааттык
келишимдерде балдардын эс алуу жана ден соолукту чыњдоо системасына
мамлекеттик жана башка колдоо көрсөтүүнү, балдардын ден соолугун чыњдо-
очу жайларды сактоону жана өнүктүрүүнү камсыздоочу чараларды карашты-
рышсын;
- балдардын эс алуу индустриясын өнүктүрүүгө багытталган инвести-
цияларга жана башка ишкердикке ар тараптуу колдоо көрсөтүшсүн;
- балдардын жалпы билим берүүчү мектептерде, мектепке чейинки жана
мектептен тышкаркы мекемелерде күндүзгү болуусу менен эс алуу лагерле-
рин уюштуруу боюнча резервдерди пайдаланышсын;
- балдардын ден соолугун чыњдоо борборлорун коюлган нормалар менен
талаптарга ылайык керектүү жабдуулар жана шаймандар, тамак-аш азыктары
менен камсыздашсын, зарыл дары каражаттары менен камсыздалган медицина-
лык пункттарды уюштурушсун, балдардын эс алуусунун жана тейлөөнүн сапа-
тын жогорулатуу боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгышсын;
- балдардын ден соолугун чыњдоо борборлорунун кызматкерлерине са-
ламаттык сактоонун, коомдук тамактануунун, билим берүүнүн, маданияттын
жана спорттун ушул сыяктуу категориядагы кызматкерлерине колдонулчу эм-
гек акы төлөө шартын колдонушсун;
- 2006-жылдын 1-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана
Кыргызстандын Профсоюздар федерациясына балдардын ден соолугун чыњдоо
борборлорунун паспорттоштурулушу жана балдарды кабыл алууга даярдыктары
жөнүндө маалыматтарды беришсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыр-
гызстандын профсоюздар федерациясы тарабынан жайкы мезгилде аз камсыз
үй-бүлөлөрдөгү балдардын, майып балдардын, оорулуу, жетим балдардын жа-
на тарбиянын өзгөчө шарттарына муктаж балдардын ден соолугун чыњдоону
уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар сая-
саты министрлигине республикалык бюджеттен 5,0 млн.сом каражат бөлүп
берсин.
3. Кыргызстандын профсоюздар федерациясы:
- республикалык бюджеттин даректүү каражаттарынын эсебинен жетим
балдардын, майып балдардын, оорулуу, аз камсыз жана социалдык жактан
аялуу үй-бүлөлөрдөгү балдардын, балдар үйлөрүнүн, мектеп-интернаттардын
тарбиялануучуларынын, башталгыч кесиптик билим берүү системасындагы
окуу жайлардын, ошондой эле Беловодскидеги атайын мектеп-интернаттын
окуучуларынын жайкы ден соолукту чыњдоочу эс алуусун уюштурсун;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине, Кыргыз
Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Билим
берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигине, Кыргыз Республикасынын
Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигине, Кыргыз Республикасы-
нын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине балдардын ден соолугун
чыњдоо борборлорунун тизмесин аларды педагогикалык жана медициналык
кадрлар, чарбалык жана тейлөөчү персонал менен өз убагында комплек-
тилөө, ошондой эле ташуунун коопсуздугун жана зарыл укук тартибин кам-
сыздоо максатында алардын жайгашкан жерлерин, нөөмөттөрдүн санын,
келүүнүн жана кетүүнүн графигин көрсөтүү менен берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты
министрлиги тарбиялоо процессин өнүктүрүүнү колдоо, ошондой эле балдар-
дын дене тарбиясынын дењгээлин жогорулатуу жана жалпы билим берүү, мек-
тептен тышкаркы жана спорт уюмдарында спорт, туризм менен машыгуу, сер-
гек жашоо образынын көндүмдөрүнө окутуу үчүн шарттарды түзүү максатында
мектеп жанында балдар аянтчаларын уюштурсун, мугалимдер жана тарбиячы-
лар, дене тарбия мугалимдери үчүн семинарларды өткөрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана анын
аймактык органдары:
- санитардык талаптарга жооп бербеген балдардын ден соолугун
чыњдоочу мекемелердин ачылышына жол беришпесин;
- тейлөө кызматкерлеринин медициналык кароодон өтүшүнө жана сани-
тардык минимум тапшырышына контролду камсыздашсын, ошондой эле ичүүчү
суунун жана тамак-аш продуктуларынын сапатына тандап лабораториялык
текшерүү жүргүзүшсүн;
- тийиштүү аймактык дарылоочу-алдын алуучу мекемелерди балдардын
ден соолугун чыњдоочу мекемелерге шашылыш медициналык жардам көрсөтүү
үчүн бекитип беришсин;
- балдарды жана өспүрүмдөрдү балдардын ден соолугун чыњдоочу бор-
борлорго жөнөтөөрдүн алдында алардын медициналык кароодон өтүшүн жана
жугуштуу оорулуулар менен байланышы болбогондугу жөнүндө маалымкаттар-
дын берилишин камсыздашсын;
- социалдык жактан опурталдуу топтордогу балдардын жана
өспүрүмдөрдүн токсикоманияга текшерилишин камсыздашсын;
- балдардын ден соолугун оњдоочу борборлордун кызматкерлери меди-
циналык комиссиядан акысыз өтүшүн камсыздашсын.
6. "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна
"Чыгыш электр" ачык акционердик коому, "Ош электр" ачык акционердик ко-
ому, "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коому жана "Түндүк электр"
ачык акционердик коому бөлүштүрүүчү компаниялары менен бирдикте балдар-
дын жайкы эс алуу мезгилинде балдардын ден соолугун чыњдоочу борборлор-
ду электр энергиясы менен камсыздоодо үзгүлтүктөргө жол бербөө боюнча
чараларды көрүү сунушталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына республиканын коммерция-
лык банктарынын балдардын ден соолугун чыњдоочу борборлорду балдар эс
алуучу мезгилде каржылоого байланыштуу финансылык операцияларды өз уба-
гында жүргүзүү боюнча иштерин катуу көзөмөлгө алуу сунушталсын.
8. Балдардын ден соолугун чындоочу борборлорго балдарды жеткирүүдө
жана кайра алып келүүдө коопсуздукту камсыздоо максатында:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар балдардын эс алуусун
уюштуруучулардын өтүнмөлөрү боюнча техникалык жактан оњ транспортту өз
убагында беришсин;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
балдар түшкөн автобустардын уюшкан колонналарын коштоо учурунда
жол кыймылынын коопсуздугун жана ден соолукту чыњдоочу мекемелерде
укуктук тартипти камсыздасын, коштоо акы төлөнүүчү кызмат
көрсөтүүлөрдүн тарифине ылайык жүргүзүлсүн;
балдарды ташууга тартылчу автотранспорттун техникалык абалына жана
тажрыйбалуу айдоочулардын тандалышына контролду күчөтсүн;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз
Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инс-
пекциясынын даректүү социалдык коргоого муктаж жетим балдарды, майып
балдарды, аз камсыз жана социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдөгү балдарды
балдардын ден соолугун чыњдоочу борборлорго коштоп барууда көрсөткөн
кызматына акы төлөөгө Кыргызстан профсоюздар федерациясына уруксат бер-
син.
9. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына
балдарды темир жол транспорту менен ташууда коопсуздукту камсыздоо бо-
юнча чараларды көрүү сунуш кылынсын.
10. 2006-жылы балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча республи-
калык штаб тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
11. 2006-жылы балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча республи-
калык штаб ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө жана Кыргызстандын профсоюздар федерациясына 2006-жылдын 1-но-
ябрына чейинки мөөнөттө маалымат берсин.
12. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
13. Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча ишти координациялоо
жана ушул токтомдун аткарылышын контролдоо 2006-жылы балдардын жайкы эс
алуусун уюштуруу боюнча республикалык штабга жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Кыргызстан профсоюздар
Премьер-министри федерация кењешинин төрагасы
Ф.Кулов С.Бозгунбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
жана Кыргызстан профсоюздар
федерация кењешинин 2006-жылдын
17-майындагы № 363/7-1г
токтомуна тиркеме
2006-жылы балдардын жана өспүрүмдөрдүн
жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча
республикалык штабдын
курамы
Сарыбаев А.М. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-
паратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү
башкармалыгынын начальниги, штабдын жетекчиси;
Тургунбеков Э.Т. - Кыргызстан профсоюздар федерациясынын эмгекти
коргоо, эмгекчилердин жана алардын үй-бүлө
мүчөлөрүнүн ден соолугун чыњдоо башкармалыгы-
нын башчысы, штабдын жетекчисинин орун басары.
штабдын мүчөлөрү:
Мамбеталиев М.К. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык
жактан коргоо министрлигинин статс-катчысы;
Мамаев К.А. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуни-
кациялар министрлигинин статс-катчысы;
Мирзакаримов Ш.М. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин
биринчи орун басары;
Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы
министринин орун басары;
Иманалиева Э.С. - Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана
жаштар саясаты министринин орун басары;
Каратаев М.М. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо ми-
нистринин орун басары;
Аманалиева Ф.А. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун
төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
Аппарат Жетекчиси - министр Т.Коеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.